Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Жарандык коом сот реформасын талап кылып митингге чыгат


Жогорку сот.
Жогорку сот.

Акция 5-мартта, Жогорку соттун алдында болот. Анда жарандык коом өкүлдөрү сот жана укук коргоо тармагындагы жемкорлукту жана мыйзам бузууну токтотууга чакырышмакчы.

Уюштуруучулардын билдирүүсү боюнча, митинг өтөрү тууралуу мэрияга кабар берилип, макулдашылган.

Акция жалпы Кыргызстанда өтөрү кабарланууда, ага ылайык, аймактарда да жарандык коом өкүлдөрү жергиликтүү соттордун алдына "Биз коррупциядан тажадык" деген ураан менен чыгышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында күч органдарындагы коррупцияга каршы күрөштү сындап, жемкорлукту жоюу боюнча милдеттерди койгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG