Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Венгрияда билим алуу үчүн 200дөн ашык студент тандалып алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алууга кыргызстандыктар үчүн бөлүнгөн гранттык орундарга жарыяланган сынактын биринчи айлампасы аяктады.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, каалоочулар биринчи этапта "Темпус" коомдук фондунун "Stipendium Hungaricum" программасынын онлайн-системасына 16-февралга чейин катталышты.

Документтер текшерүүдөн өтүп, 353 катышуучунун 202си тандалып алынды. Алар сынактын экинчи айлампасына Бишкекке чакырылды. Эми бакалавр программасына талапкерлер өздөрү тандап алган адистигине жараша тестирлөөдөн өтүп, англис тилинде эссе жазат.

Магистр жана доктор программасына талапкерлерден да англис тилинде эссе жана аңгемелешүү талап кылынат. Сынак комиссиясынын курамына эркин эксперттер, жарандык коом, илимий чөйрөнүн, Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук кеңешинин өкүлдөрү киргени маалымдалды.

Кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимге ылайык, Венгрия быйыл февралда кыргызстандык улан-кыздарга 25 орун бөлгөн. Өткөн жылы 23 кыргызстандык Венгрияда бекер билим ала баштаган.

Жогорку Кеңеш депутаты Жанар Акаев былтыр майда чет мамлекеттерде билим алыш үчүн Кыргызстанга берилген квоталар ачык бөлүнбөй, Венгрияда окууга аткаминерлердин балдары өтүп жатканын билдирип чыккан. Министрлик бул айтылгандарды четке каккан. (NT)

XS
SM
MD
LG