Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 20:15

Президент Сооронбай Жээнбеков сот кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда ал сотторду ар бир чечимдин артында адамдын тагдыры турарын эч качан эстен чыгарбоого чакырды.

- Мамлекет тарабынан ыйгарылган судьялык милдеттерди аткарууда жоопкерчиликтүү жана принципиалдуу мамиле кылуу сиздердин күндөлүк ишиңиздердин айныгыс эрежеси болууга тийиш. Эл алдындагы ыйык парзыңарды мыйзамды кастарлоо менен так, калыс аткарат деп ишенем. Соттун калыс, акыйкат чечими адамдардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин арттырат, - деп жазылган президенттин куттуктоосунда.

Кыргызстанда бүгүн сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө.

Ушу тапта Бишкектеги Жогорку соттун имаратынын алдында жарандык коом өкүлдөрү акция өткөрүп жатышат. Алар сот жана укук коргоо тармагындагы жемкорлукту, мыйзам бузууларды токтотууну талап кылууда. "Биз коррупциядан тажадык" деген ураандын алдындагы мындай акциялар аймактарда жергиликтүү соттордун алдында да өтөрү кабарланган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG