Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:49

Митингчилер Ак үйдүн алдына келишти


Митингчилер Ак үйдүн алдында.
Митингчилер Ак үйдүн алдында.

Жогорку соттун алдында коррупцияга каршы митинг уюштуруп жаткандар жөө жүрүш менен Ак үйдүн алдына келишти. Алар жол бою “Коррупцияга жол жок! Токбаева, Архарова, Воронцова, Жамашева кызматтан кетсин!” деген ураандарды айтып келишти. Чогулгандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу тапшырганы турушат.

Митингди уюштуруучулардын бири Рита Карасартова ал кайрылууда тандалган соттор кандай чечимдерди кабыл алганы жана кандай иштерди караганы тууралуу досье жана коррупцияга каршы күрөштө сөздөн ишке өтүү өтүнүчү бар экенин билдирүүдө. Ал президенттин коррупцияга каршы саясатын митингчилер колдой турганын, бирок ал күрөштөн жыйынтык чыгышы керектигин белгиледи.

Нааразылык акциясына чыккандар Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин жана башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан кетишин талап кылышууда.

Алар ошондой эле Жогорку соттогу алты судьялык бош орунга тандалган Кыдык Жунушпаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова, Кымбат Архарова, Айдарбек Алымкуловду бекитпөөнү президенттен суранышууда.

Аталган талапкерлерди сотторду тандоо кеңеши 1-мартта тандап, президентке жиберген. Президент талапкерлерди карап чыккандан кийин аларды бекитиш үчүн парламентке жөнөтөт. Мыйзам боюнча Жогорку сотто 35 судья болушу керек. Учурда алты орун бош турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG