Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

TBEA ЖЭБге химиялык цех салыш үчүн жабдуу алып келе баштады


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Кытайдын TBEA компаниясы Бишкек Жылуулук электр борборуна суу даярдап берүүчү жаңы химиялык цех куруш үчүн керектүү жабдуу, тетиктерди алып келе баштады. Бул тууралуу ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов "Азаттыкка" билдирди:

- Мына азыр долбоор келди. Эми аны макулдашабыз. Андан кийин уруксат бериле турган бардык документтерди алып, кура баштайбыз. Тетиктер азыр келе баштады.

Темирлан Бримкулов кошумчалагандай, ЖЭБде жаңы блоктор үчүн кошумча кубаттуулуктагы химиялык цехти Кытай тарап өз эсебинен куруп берүүгө макул болгон. Ага 6 миллион долларга жакын каражат сарпталат. Буга чейин Бишкек ЖЭБи кирген "Улуттук энерго холдинг" компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев Кытайдын ТВЕА компаниясы 5,5 млн. долларлык суу даярдап берүүчү жаңы цех куруп берерин, иш быйыл июль айларында бүтөрүн маалымдаган. Анын билдирүүсүндө, модернизация иштерин жүргүзгөн ТВЕА компаниясы менен жаңы блокту куруу тууралуу макулдашуу 2017-жылдын июлунда түзүлгөн.

Январдагы кырдаалдан кийин иштен алынган ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу буга чейин энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилерин бир жумага созулган кырсыктын "чыныгы себебин жаап-жашырып, элге туура эмес кабар берип жатат" деп сындап чыккан. Ал кырсыкка модернизация иштеринде салынууга тийиш болгон химиялык суу даярдоо системасынын курулбаганы жана имараттар өз убагында оңдолбогону себеп болгонун билдирген. Ага чейин тиешелүү ишканалардын жетекчилери жана премьер-министр Сапар Исаков да кырсыктын себебин насостук станциянын иштен чыгышы менен түшүндүрүшкөн.

Темирлан Бримкулов “Азаттык” радиосундагы маегинде Нурлан Өмүркул уулунун "кырсыкка химиялык цехтин жоктугу себеп болду" деген билдирүүсүн четке какты. ЖЭБдин мурдагы директору модернизация боюнча документтерди оңдоо аракети болгонун да билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG