Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

БШК Клара Кабиловага мандат берүү боюнча чечим кабыл ала элек


Клара Кабилова - Гүлнара-Клара Самат.
Клара Кабилова - Гүлнара-Клара Самат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” Клара Кабилованын кош жарандуулугу бар-жогу иликтенип жаткандыктан, Орусиядан маалымат келмейинче бул маселени кароо убактылуу токтотулганын билдирди.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынан Аида Салянованын ордуна депутат болуп келчүлөрдүн тизмесинде турган Клара Кабилованын орус жарандыгы бар болушу мүмкүн экени айтылып, айрым активисттер аны тактоону БШКдан өтүнгөн.

Кабилова 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп эмгектенген, мурдагы президент Курманбек Бакиевден ыдык көргөнүн айтып, Орусияда жашап жүргөн. Кийин ысымын өзгөртүп Гүлнара-Клара Самат болгон. Эгер анын кош жарандыгы чын болуп чыкса, мыйзам боюнча парламентке депутат болуп келе албайт. Кийинки тизмеде Ташболот Балтабаев турат. Салянованын мандаты мандаты марттын башында алынган. (NT)

XS
SM
MD
LG