Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:05

Жээнбеков Меркелди куттуктады


Ангела Меркел.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 14-мартта Ангела Меркелдин Германиянын канцлери болуп кайра шайлануусу менен куттуктады.

Ангела Меркелдин дарегине жолдогон телеграммасында президент Жээнбеков Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы достук-кызматташтык мамилеси мындан ары да эки элдин кызыкчылыгында өнүгүүсүнө ишеничин билдирген.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Ангела Меркел 14-мартта Германиянын канцлерлигине шайланды. Ага 364 депутат макул, 315и каршы добуш берди. Тогузу калыс болду. Эми Германиянын президенти бекитип, ант берсе, 63 жаштагы саясатчы ушуну менен төртүнчү мөөнөт катары менен өлкөсүн жетектейт.

Дүйнөдөгү таасирдүү саясатчы саналган Меркел качкындарды кабыл алуу саясатына байланыштуу өз өлкөсүндө акыркы жылдары көбүрөөк сынга кабылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG