Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 11:44

Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына бүгүн 2005-жылдагы март окуясынын 50дөй катышуучусу чогулду. Алар ыңкылапка катышып, кийин каза болгон маркумдарга багыштап куран окушту.

Окуя учурунда милициядан токмок жеген тогуз киши кийин каза болгонун, катышуучулардын 20га чукулу майып болуп калганын активист Медер Үсөнов билдирди.

Келгендерге шаар бийлиги тарабынан сый тамак берилди.

2005-жылы 24-мартта Кыргызстанда элдин күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режими кулатылган.

Толкундоолор марттын башында Жалал-Абадда башталып, бүт өлкөгө жайылган. Акаев мамлекеттен качып, Орусиядан башпаанек алган. Бийликке оппозициялык кыймылдын башчысы Курманбек Бакиев келип, беш жылдан кийин 2010-жылы 7-апрелде ушул эле жол менен өлкөдөн чыгып кеткен.

24-март 2012-жылга чейин жылнаамада кызыл менен жазылып, эс алуу күнү катары саналып келген. Кийин Жогорку Кеңештин токтому менен алып салынган. 2016-жылы президенттин жарлыгы менен "Эскерүү күнү" деп бекитилген. (RsK)

24-март: өлкөнү өзгөрткөн түн
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:10 0:00

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG