Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 12:09

Кемерово: Өрттө жабыркаган кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда


"Зимняя вишня" соода борборундагы өрт. 25-март, 2018-жыл

Орусиянын Кемерово шаарындагы өрттө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Анын айтымында, учурда Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги курмандыктардын жана жабыркагандардын тизмесин дагы эле тактап жатат.

Ушул тапта беш киши өлгөнү расмий ырасталды. Алардын үчөө аял киши, бирөө жаш бала, бирөө чоң киши. Кеминде отуз адам түрдүү жаракат менен ооруканага жаткырылган.

25-мартта, кечки саат 9да берилген маалыматка ылайык, дайыны табылбай жаткандар - 35, алардын 19у балдар. Ушул убакта өрт өчүрүлгөнү кабарланды. 200дөй киши куткарылган.

Жергиликтүү медиа өрт “Зимняя вишня” соода комплексинин кинотеатр, зоопарк жана ресторандар жайгашкан жагындагы 1500 чарчы метрине жайылганын кабарлашты.

Кырсыкка байланыштуу Кемерово облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG