Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Экотехинспекция 46 базар менен 10 соода борборуна айыппул салды


Бишкек. "Сейтек" соода жайынын 700 чарчы метр аянты күйүп кеткен. 5-март, 2018-жыл.
Бишкек. "Сейтек" соода жайынын 700 чарчы метр аянты күйүп кеткен. 5-март, 2018-жыл.

Экотехинспекция Кыргызстандагы 134 чоң базардын ичинен 100 базарды текшерип, анын ичинен 46сын өрт коопсуздугун одоно бузган деп тапты.

Аларга салынган айыппулдун өлчөмү 820 миң сомду түздү. Базарларды текшерүү уланууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өрт көзөмөл башкармалыгынын башкы инспектору Жумгал Асанов билдирди.

Анын айтымында, 30 соода борбору да текшерилип, 10унда эреже бузуу аныкталды. Аларга 200 миң сом айыппул салынды.

Асанов өлкөдөгү базарларда өрт же башка кырсыкты жөнгө салууга каршы чаралар дээрлик жоктугун кошумчалады.

25-мартта Орусиянын Кемерово шаарындагы соода борборунда чыккан өрт ондогон кишинин өмүрүн алганына байланыштуу, Кыргызстанда да эл чогулган жерлерди текшерүү маселеси коомчулуктун талкуусуна түштү. (SA)

XS
SM
MD
LG