Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Евробиримдик Косово менен Сербияны “сабырдуулукка” чакырды


Евробиримдиктин комиссары Могерини менен Сербиянын президенти Вучич Белградад жолугушууда. 27-март, 2018-жыл.
Евробиримдиктин комиссары Могерини менен Сербиянын президенти Вучич Белградад жолугушууда. 27-март, 2018-жыл.

Евробиримдик Косовонун бийлиги сербиялык аткаминерди кармап, күч менен өлкөдөн чыгаргандан кийин башталган коңшулардын тирешин “сабырдуулук менен акыл калчап” жөндөөгө чакырды.

Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча комиссары Федерика Могерини шейшембиде чукулунан Сербияга барып, президент Александр Вучич менен жолугушту.

Могерининин жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө “кечээ Косоводо болгон окуя кайталанбашы керек" деп айтылат. Билдирүүдө Евробиримдиктин өкүлү жана Сербиянын президенти “Белград менен Приштина маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнүн жаңы жолдорун табуунун үстүндө иштөөнү макулдашканы” белгиленет.

27-мартта Косоводо жашаган сербдер өкмөт үйүнө барып, өлкөнүн түндүгүндө жолду бөгөшкөн. Андан бир күн мурун Митровица шаарынын администрациясына полиция кирип барып, Сербия өкмөтүнүн Косово боюнча иш башкармалыгынын жетекчиси Марко Журичти кармап, колуна кишен салып, өлкө аймагынан күч менен чыгарган.

Расмий Приштина Журичке анын улутчул билдирүүлөрүнөн улам өлкө аймагына кирүүгө тыюу салган эле. Сербиялык аткаминер буга карабай Митровицадагы жыйынга барган.

Митровица шаары Косоводо жайгашкан. Шаар калкынын көпчүлүк бөлүгүн серб улутундагылар түзөт. Жаңыдан түзүлгөн келишимде аймактагы соттор менен прокурорлорду теңме-тең санда түзүү каралган.

Косово өз эгемендигин 2008-жылы жарыялаган, бирок Белград аны тааныбай келет. Косовонун калкынын 90% көбүн албандар түзөт.

XS
SM
MD
LG