Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

КСДП курултайына 15 делегат нааразы болду


Бишкекте өтүп жаткан КСДП партиясынын курултайынын өтүшүнө 15 делегат нааразы болду.

Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Токтосун Шамбетов билдирди. Анын айтымында, делегаттар партия жетекчилигинин позициясына макул эместигин билдиришкен.

Бишкектеги “Орион” мейманканасында өтүп жаткан КСДП партиясынын курултайына 190 делегат чакырылган. Анын күн тартибинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди партия төрагалыгына шайлоо маселеси турат.

КСДП партиясынын төрага орун басары Фарид Ниязов кечээ “Азаттыкка” курултайга журналисттер киргизилбестигин, бирок андан соң Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын өтөрүн айткан.(UEz)

КСДП курултайына 15 делегат нааразы болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

XS
SM
MD
LG