Архитектура, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба агенттигине караштуу Таза суу менен камсыздоо департаменти билдиргендей, бул стратегиянын бет ачары 30-мартта Бишкекте болду.
Стратегия Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен чогуу иштелип чыккан. Анда айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жана тазалык үчүн саркынды суу агызуучу система куруу маселеси камтылган.
Быйыл январда Кыргызстанда “Таза суунун" ордуна "Ала-Тоо булагы" деген жаңы долбоор ишке кирген. Ага чейин “Таза суу” долбоору он үч жыл иштеп, эл аралык донорлордон миллиондогон каражаттар келген. Бирок жаңы түтүктөр орнотулган айылдардын жарымында суу чыкпай калганы, иштер сапатсыз жасалганы, тендер коррупция менен коштолгону ачыкка чыккан.
"Ала-Тоо булагы" аттуу долбоор АРИС менен чогуу ишке ашырылганы жатат. Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүктүрүү банкы ага жалпысынан 6 миллиард 538 миллион сом берет. Долбоордун биринчи этабында Ош, Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 115 айылга ичүүчү суу чыгарылары айтылган.
Расмий маалыматка караганда, ушу тапта өлкөдө 653 айыл таза сууга муктаж. (NT)