Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Таласта 10-класстын окуучусу асынып алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облусунун Кара-Буура районундагы "Манас" орто мектебинде 10-класста окуган кыз өз жанын кыйды. Окуя 5-апрелде күндүз болгон. Маркумдун асынган сөөгү өзү жашаган үйдөн табылганын аталган райондун акими "Азаттык" радиосуна ырастады.

Кыз багып алган ата-энесинин үйүндө тарбияланып жаткан деген маалымат бар. Жергиликтүү милиция окуучунун өлүмүнүн себеби иликтенип жатканын билдирди. 

Ушуну менен Таласта акыркы беш ай ичинде үчүнчү окуучу суицидге барды. Алардын экөө Кара-Буура районундагы мектептерде билим алышчу.  (AlS)

 

XS
SM
MD
LG