Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Атактуу чех-америкалык кинорежиссер Милош Форман каза болду


Милош Форман 2009-жылы Карловы Вары кинофестивалына катышкан.
Милош Форман 2009-жылы Карловы Вары кинофестивалына катышкан.

Чехияда төрөлүп өскөн чех-америкалык кинорежиссер Милош Форман 86 жашында АКШда көз жумганын Рейтер агенттиги кабарлады.

Формандын "Күкүктүн уясы үстүнөн учканда", "Амадей", "Эл Ларри Флинтке каршы" аттуу жана башка тасмалары "Оскар", "Алтын Глобус", "Бафта" жана башка абройлуу киносыйлыктарды жеңген. Режиссер эки жолу мыкты режиссерлук иш үчүн "Оскар" сыйлыгына, үч ирет "Алтын глобуска" татыган.

"Күкүктүн уясы үстүнөн учканда" тасмасынын трейлери

Милош Форман 1932-жылы ал кездеги Чехословакиянын Часлав шаарында төрөлгөн. Ата-энеси Экинчи дүйнөлүк согуш маалында фашисттик концлагерде каза болушкан. 1968-жылы Варшава келишимине мүчө мамлекеттердин аскерлери Чехословакияга киргизилгенде, Францияда кино тартып жүргөн чех режиссеру Форман мекенине кайтып келүүдөн баш тартып, кийинчерээк АКШга эмиграциялаган.

Кинорежиссердун жакындары ал жакында саламаттыгы начарлай түшүп, ооруканага жаткырылганын билдиришкен.

Милош Формандын "Азаттыктын" орус кызматына берген маеги.

XS
SM
MD
LG