Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Ленин жана башка тарыхый инсандар темасы түбөлүктүү


Кожентте Ленин айкели алынып салынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

Тажикстандын Кожент шаарында В.И.Лениндин бийиктиги 23 м болгон айкели алынып салынды. Тасма. 30.5.2011.

Тарыхый инсандардын таржымакалын бейтарап таразалоо көйгөйлөрү тууралуу тарыхчынын блогу.

1870-жылы чын куран (апрел) айынын 22синде (юлий жыл санагы боюнча ошол айдын 10унда) Симбирск шаарында агартуучу Илья Николаевич Ульяновдун (1831—1886) үй-бүлөсүндө чүрпө жарык көрдү. Ага Владимир деп ат беришти. Эркелеткенде "Володя", "Вова" деп коюшчу.

Бул чүрпөнүн чоң атасы Николай мурда жерге бекитилген дыйкан (“крепостной”) болгон. Советтик жазуучу Мариэтта Шагинян (1888—1982) жалпыга маалымдаган вариантка караганда, Николай Ульяниндин теги – чокунган эдилдик калмактардан болгон. Ушул вариантты камтыгандыгы үчүн СССРде 1930-жж. Шагиняндын тийешелүү китеби сатыктан жана китепканалардан кайра алынгандыгы айтылат).

Владимир Ульяновдун энеси — Мария Александровна Ульянова (никеге чейинки тегаты — Бланк, 1835—1916).

Владимирдин таянесинин ата-теги шведдерге барып такалса, таятасы эдилдик немис, же тарса динине өткөн жөөт, же болбосо украин болгон деген сыяктуу ар кыл жоромолдор бар.

Айтор, Владимир Ульянов теги боюнча да жалаң гана орустарга таандык эмес. Ал эми философиялык-саясий көз карашы жана күрөшкөн идеялдары боюнча ал — жалпы планеталык инсан болуп чыга келди. Ал жетектеген 1917-жылдагы Өктөбүр ыңкылабы дүйнө жүзүндө социалисттик ыңкылаптардын жана ири социалдык реформалардын кубаттуу тажрыйбаларынын, ошондой эле коммунизм урааны астында курулган тоталитардык коомдук түзүлүштөрдүн башаты болуп калды.

XXI кылымда адамзат Владимир Лениндин өмүр жолун жана коомдук мурасын ар тараптан иликтөө боюнча бир кылымдан ашуун мезгилдик тажрыйбага ээ болду десек жаңылышпаспыз. Анын мисалында ар кандай тарыхый инсанга карата бир тараптуу баа бычпоо зарылдыгын үйрөнүүгө жетиштик.

XX кылымда, бир жагынан, СССРде жана башка социалисттик мамлекеттерде, Владимир Ленинге марксизмди өркүндөткөн теориячы, иш-аракет кыла билген революциячы жана төмөнкү коомдук катмарларга жарык күн болгон реформатор, саны аз элдер үчүн автономиялык ж.б. макамдар берүүгө мүмкүндүк кылган, социалисттик федерациянын негиздеген айкөл катары мамлекеттик деңгээлде жогорку баа беришчү.

Экинчи жагынан, бийликте марксисттер болбогон мамлекеттерде Ленин кантип “эзүүчү катмарлар жана контрреволюциячылар үчүн” делген катаал концентрациялык лагерлерди курууга чакырык жасагандыгын, “кызыл террор” уюштургандыгын, диний мекемелерди куугунтукка алгандыгын, “акыры жүрүп коммунизмде улуттар жоюлат” деп, киши саны көп улуттардын шовинисттерине шыкакчы болгондугун, жумушчу табынын атынан чыгып, бирок партократтардын бир партиялуу тоталитардык саясий үстөмдүгүн негиздегендигин ж.б. кемчиликтерин санап чыгышаар эле.

Азыркы коом болсо ар кандай китептерде Лениндин оң жактарын да, терс жактарын да калыс, бейтарап жазууга жана аны түшүнүү үчүн бүтүндөй дүйнө жүзү менен конкреттүү өлкөнүн жалпы жана өзгөчө жактарын калыс үйрөнүүгө чакырат.

Пост-советтик Кыргызстанда да жергиликтүү тарыхый инсандарга карата ар тараптуу баа берүү тажрыйбалары жаңыдан калыптанууда.

Мисалы, мурдагы советтик Кыргызстандын Компартиясынын 1950—1961-жж. Биринчи катчысы болгон Исхак Раззаков (1910—1979) тууралуу совет доорунда (ал кызматтан кетирилген соң) жылуу сөз дээрлик айтылчу эмес.

Исхак Раззаков.
Исхак Раззаков.

Эгемендик доорунда анын дарегине эң жогорку баалар берилип келет. Ал кыргыз тилинин макамын чыңдоого зор көңүл бурган мамлекеттик ишмер катары түбөлүккө эсте калмакчы. Маркумга 2010-жылы (өлгөндөн кийин) "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку наамы ыйгарылды.

Маркум Исхак Раззаковдун ысымы Кыргыз Техникалык Университетине берилгенинде, бирок, "ка-ап, бул окуу жайга Ракым Усубакуновдун аты ыйгарылса жакшы болмок, Раззаковдун ысымын, маселен, Бишкектеги Свердлов районунун атын өзгөртүп, ошо районго беришсе жакшы болмок", деп ичимден ойлоп калган элем.

Эми, Раззаковду бир жактуу мактап жибербестен, анын доорундагы жана ал өзү кетирген кемчиликтерди да бир эле китептин, бир эле макаланын алкагында белгилөө тажрыйбасын баштоо керек.

Маселен, анын тушунда айтылуу кыргыз тилчи окумуштуусу Касым Тыныстанов (1901—1938) алгачкы жолу акталгандыгы маалым.

Илимпоз А.Болпонованын 2011-жылы чыккан китебинде дарекке негизделип таамай көрсөтүлгөндөй, 1957-жылы 1-октябрда СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы К.Тыныстановду толук актаган.

Бул — анын карапайым атуул катары акталышы болчу. Ал эми аны партиялык жактан актоо Кыргызстандын өзүндө алда канча олуттуу бөгөттөргө туш келген. Өзгөчө сактангандардын бири — элге билим берүү министри К.Кондучалова “бул маселени кайра кылдат карап чыгууну” сунуштаган.

Акыры, 1957-жылы 23-декабрда, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Бюросу К.Тыныстановду партиялык жактан актаган токтом кабыл алган. Бул чечим 1958-жылы 22-январда тастыкталган.

Бирок Исхак Раззаков өзү төрагалык кылган Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Бюросу 1959-жылы 14- жана 18-декабрда, андан соң 1960-жылы 5- жана 10-январда, бир нече күндүк кызуу талкуудан кийин К.Тыныстановду партиялык жактан актоо тууралуу мурдагы чечимди жокко чыгарган. (Бул талкууда К.Тыныстановдун чыгармачыл мурасын актоону жактагандардын арасында Болот Юнусалиев менен Кубанычбек Маликов болсо, буга айыгыша каршы чыккандардын арасында Аалы Токомбаев менен Токтоболот Абдумомунов болгон. Сынчы Шаршенбек Үмөталиев эки ортодо калып, акыры бийлик тараптын пикирине каяша айта албай калган).

Иш жүзүндө, Исхак Раззаков өзү колдоого алган бул терс чечим К.Тыныстановдун партиялык жактан акталышына гана бөгөт койбостон, анын чыгармачыл мурасын Кыргызстанда эркин талдап окууга каршы да расмий тоскоолдук болуп калды.

(Толугурак караңыз: А. Болпонова. К. Тыныстанов — учёный и государственный деятель Кыргызстана. — Каракол: Иссык-Кульский гос. университет, 2011. — 178 с. — ISBN 978-9967-441-72-9. — 136-146-беттер.)

Демек, азыркы муундар И.Раззаковду мактап жатып, анын өзү кетирген кемчиликтерди да калыстык үчүн санап берүүнү үйрөнүшү абзел.

Акыркы убактарда И.Раззаковдон кийин, 1961-жылдын май айынан — 1985-жылдын ноябрына чейин, Кыргызстан Компартиясынын Биринчи катчысы болгон Турдакун Усубалиевдин (1919—2015) ысымына карата жалаң гана мактаган же кескин сындаган пикирлер айтылып келет.

Турдакун Усубалиев (булак: literatura.kg)
Турдакун Усубалиев (булак: literatura.kg)

Маселен, анын ысымын Бишкектеги көчөлөрдүн бирине берүүнү сунуштагандар дээрлик чейрек кылым ичинде бул инсан жалаң гана пайдалуу иштерди жүзөгө ашырган, анын тушунда ГЭСтер курулган, Бишкек мармар имараттуу шаарга айланган, ж.б. жагымдуу өзгөрүүлөр болгон, деп белгилешсе, анын сынчылары дал ушул Т.Усубалиевдин тушунда кыргыз тилине камкорлук көрүлбөй калган, кыргыз тарыхын жана этнографиясын изилдеген Кушбек Үсөнбаев, Саул Абрамзон, Өмүркул Караев, укукчу Кубанычбек Нурбеков, жазуучулар Төлөгөн Касымбеков, Казат Акматов, математик Ракым Усубакунов, ж.б. айдыңдар бир тараптуу сындалган же куугунтукталган, Фергананын чыгышындагы Кемпир-Абат аймагындагы жер тилкелери суу астында калган, ж.у.с. кемчиликтерди санап беришет.

Мында да, менимче, бир эле макаланын алкагында инсандын ишмердигинин оң жана терс жактарын изилдеп көрсөтүү ылайык.

Айтмакчы, Бишкекте Т.Усубалиевдин ысымынын ордуна буга чейин жылуу сөз дээрлик айтылбай келген башка да кочкорлуктардын ысымдарын (Канаат хан Ыбыке уулу, Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков, ж.б.) ыйгаруу эп болот, деген пикириме интернеттеги коомдук тармактарда “Усубалиевдин арбагы сизге нааразы болот” деген жооп алдым.

Кызык, анын тушунда запкы жегендердин арбактары жок бекен? деп өзүмчө аң калып койдум. Эгерде алар да бар болсо, анда “бул пендеге ачууланбай эле коюу керек, анткени ал калыстыкка эле чакырып жатпайбы!” деп мени арачалап коюулары ажеп эмес. Албетте, мен тиги дүйнө менен байланышкан “жайсаңчылардан” эмесмин, жөн гана көркөмдүк үчүн жазып жатам.

“Кочкорлук” сөзүн да шарттуу жазып жатам, анткени тарыхый инсан төрөлгөн жайына карата эмес, өмүрдүк ишмердигине карата бааланаары шексиз. ("Бул коктудан министр болбой калыптыр!" деген сындарга да ошондой эле таң калуу менен мамиле кылуу керек).

Канаат хан тууралуу Орусия падышалыгынын Алматыдагы архивиндеги кагаздардан. 1917.
Канаат хан тууралуу Орусия падышалыгынын Алматыдагы архивиндеги кагаздардан. 1917.

Канаат хан Кочкордо манаптын урпагы болуп төрөлгөн, ал эми 1916-жылы улуттук боштондук көтөрүлүштүн кубаттуу очогунун лидери, кыска мөөнөт гана жашаган көз каранды эмес мамлекеттин (хандыктын) башчысы болуу менен, Канаат хан бүткүл кыргыз улуту үчүн кызмат өтөгөн нагыз баатыр.

"Көчөгө ат бербесек, инсанды бара-бара унутабыз", деген замандаштардын кулагына күмүш сырга: азыркыга чейин Бишкек шаарында Барсбек, Мухаммед Кыргыз, элчи Абдыракман Кучак уулу, Алымкул аталык, Полот хан, Табылды баатыр, Осмон датка баатыр, Канаат хан Ыбыке уулу, Мөкүш Шабдан уулу, Осмонаалы Кыдык уулу, Жаныбек Казы, Рахманкул хан атындагы эч бир көчө жок, бирок алар тарыхта түбөлүккө кала берет.

Оңдон солго: Вячеслав Молотов, Иосиф Сталин, Иоахим фон Риббенроп, Фридрих Гаус. 23.8.1939.
Оңдон солго: Вячеслав Молотов, Иосиф Сталин, Иоахим фон Риббенроп, Фридрих Гаус. 23.8.1939.

Мурда сталинчи саясачы Вячеслав Молотов атындагы көчөлөрдөн же башка топонимдерден СССРде бут коёрго жер жок болчу. Эми топонимдер мындай сталинчилердин ысымдарынан тазаланды, алардын ишмердиги көчөдөгү аты жок эле тарыхта калыс чагылдырылып келет. Экинчи дүйнөлүк согуштун ачылышына, "кызылдар" менен "кочкул күрөңдөрдүн" убактылуу ынтымагына өбөлгө болгон 1939-жылкы августтагы “Молотов-Риббентроп” келишиминин өзү эле эмнеге турат! Азыр тарыхтан Молотовдун ысымын эч алып сала албайбыз.

Тарыхый инсандын уруусун сүрүштүрүү — бул тарыхчы менен санжырачынын эч бир саясатташтырылбай турган кадыресе иши болууга тийиш. Маселен, Ысык-Көлдөгү белгилүү коомдук ишмерлердин арасында Тилекмат Жылкыайдар уулунун өз орду бар. Анын санжырасын тактап-талашып, бири аны түпкү теги - адигиненин сарыбаргы уругунан дешсе, экинчилери – Ички Теңир-Тоодогу чериктерден дешет. Кандай болсо да, ал тарыхта бугу уруусунун төбөлдөрүнүн бири катары гана эмес, жалпы кыргыз коомдук ишмери катары да калат.

Тилекматты “хан” болгон деп жарыялагандар да бар. Чынында ал хан болгон эмес. Хан болбосо эле ишмердигине карата баа бөксөрүп калбайт. Аны Орусиянын гана колдоочусу болгон дегендерге эскерте кетсек, бир кездери Тилекмат аке Кокон хандыгын жана Чыгыш Теңир-Тоодогу Кашкардын өз алдынча “Жети Шаар” мамлекетин колдоп чыккан учурлар да болгон. Аны бекеринен туткунга алып, Верный (Алматы) коргонуу жайындагы падышалык оторчулардын абагына салышкан эмес да.

Демек, бул инсандын өмүр таржымакалы да тагдырындагы татаал бурулуштарды кемейтпей туруп, ар бир дооруна калыс түшүндүрмө берүү аркылуу сыпаттоого муктаж.

Бул жаатта башка да калктардын өз тарыхый инсандарына карата мамилесин үйрөнүү алгылыктуу.

Айтылуу татар акыны Муса Жалил (татарча: Муса Җәлил, Musa Cəlil; толук аты Муса Мостафа улы Җәлил; 1906 — 25-август, 1944, Берлин) — Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттерге туткунга түшүп калган советтик жоокерлердин биринен болгон. Сталиндик саясатка ылайык, эч бир жоокер туткунга түшпөөсү керек болчу. Ал түгүл туткунга түшкөндөрдүн жакындарын куугунтуктоо саясаты да жарыяланган (бирок Сталиндин өз уулу туткунга түшкөндө, анын диктатор атасынын чекесине чертип да коюшкан эмес).

1942-жылы июнда оор жарадар болуп туткунга түшкөн Муса Жалил фашисттер түзгөн “Эдил-Орол” (татарча “Идел-Урал”) легионуна кирген. Маданий-агартуу иштерин уюштурумуш болуп, туткундарды аралап жүрүп, ал нацисттик чөйрөнүн ичинен эле антифашисттик тымызын топторду түзүүгө салым кошкон. Бул топтордун айрымдары куралдуу көтөрүлүш чыгарып, партизандарга кошулуп кетип турган.

Муса Жалил
Муса Жалил

1943-жылы августта нацисттер Муса Жалилди камакка алышкан. Ал 1944-жылы 25-августта Берлин шаарындагы Плөтцензее (Плётцензее) абагында өлүм жазасына тартылган.

Бул окуялар СССРде кыйла убакытка белгисиз калган. 1946-47-жылы аны чекисттер “мекен чыккынчысы” катары издөөгө алышкан. Ал түгүл ал Аргентинага качып кетти го деп түкшүмөлдөшкөн.

Моабит абагында Муса Жалил менен бирге жаткан белгиялык антифашист Андре Тиммерманс сактап калган дептердеги ырлар 1953-жылы Константин Симоновдун колуна тийип, ал тарабынан Муса Жалилди актаган макала жана Мусанын орусчага которулган ырлары жарыкка чыгарылып, татар акыны чыккынчыдан баатырга айланган.

1956-жылы Муса Жалилге (өлгөндөн кийин) “Советтер Союзунун Баатыры” наамы берилип, акын 1957-жылы (өлгөндөн кийин) “Ленин сыйлыгынын” ээси болуп калган.

Айтмакчы, Муса Жалилди актоо үчүн башка да дептерлер кызмат аткармак. Бирок ал дептерлерди жеткирген мурдагы туткундар Габбас Шарипов менен Нигмат Төрөгулов (Терегулов) ГУЛагга айдалган, алар жана түркиялык татар Казим Миршан тапшырган ыр дептерлер КГБ архивинде ың-жыңсыз жоголгон.

Демек, Андре Тиммерманс менен Константин Симонов болбогондо, Муса Жалил "чыккынчылардын" тизмесинде кала бермек.

Борбордук Азиянын башка мамлекеттеринде мурдагы фашисттик лагерлердин туткундары, алардын ичинде качып чыгып, антифашисттик уюмдарга кошулгандар жана алардын салымдары бейтарап иликтенип жатат. Бирок Кыргызстанда бул тема илим бутасына дээрлик алына элек.

Ыраматылык Эрнис Турсунов ошондой мурдагы туткундардын бири Сатар Алманбетов менен жолуккан, баарлашкан. Калгандары андан жаа бою качкан, себеби ал – “советтик мекендин чыккынчысы” болгон. Борбор Азиялык миңдеген согуш туткундары сыяктуу эле Сатар Алманбетов нацисттер ушул чөлкөмдөн барып, туткунга түшкөн мусулмандардан куралган "Түркстан легионуна" кирген. Ал легиондун башчысынын орун басарларынын бири жана кыргыздар үчүн жооптуу кишиси болгону да айтылат.

Сатар Алманбетов 1943-жылы Берлинде "Манастын" (Тыныбектин варианты) үзүндүсүн кыргыз тилинде өзүнчө китеп кылып чыгарткан, ага баш сөз жазган (бул китептин бир нускасы Кыргыз Улуттук китепканасынын Сейрек китептер бөлүмүндө сакталып турат).

Сатар Алманбетов согуш жылдары Берлинде жарык көрүп турган "Миллий Түркстан" журналына ар түрдүү темадагы (Советтик мыйзам системасы, кыргыз адабияты, репрессия ж.б.) макалаларды "Беталман" деген адабий ат менен жазган.

Ал согуш аяктап калганда Франция аймагында Батыш ынтымагынын абагына түшкөн, бирок абактан бошотулган. Согуштан кийин ыктыяры менен Советтер Биримдигине өтүп келген жана чыккынчы катары узак жылга соттолгон. ГУЛагдан Никита Хрущевдин тушунда бошотулуп, бирок жарытылуу ишке орношо албай жүрүп, 1950-жж. этегинде Бишкекте кургак учуктан өлгөн.

Эгерде аны калыс суракка алышкан болсо, балким, ал деле “Эдил-Орол” уюму сыяктуу “Түркстан” легионунда деле ар кыл көз караштагы туткундар болгонун айтып бермектир. Балким, ыктыяры менен келгенине караганда, анын өзүнүн дагы билген чындыгы болгондур. Болочокто КГБнын аны жана башка мурдагы туткун болгон кыргыздарды суракка алгандагы тергөө кагазды бейтарап иликтенип калгысы бардыр.

Коммунисттик цензурага ылайык, кээде кишилердин ата-тегинин социалдык чоо-жайы атайылап бурмаланып берилчү. Маселен, Турдакун Усубалиевди кедей дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан деп жазып келишкен. Иш жүзүндө ал Кочкордогу белгилүү төбөлдөрдүн урпагы болгон. Аны Кочкордо туулган деген расмий жоромолго атаандаш жоромол да бар. Буга ал төрөлгөн учурда ата-энеси Улуу Үркүндө кеткен бойдон Батыш Кытайдан кайтып келе элек болчу деген айың кеп негиз болууда.

Ушундай эле тактоо талап кылган айың кеп — Чыңгыз Айтматовго тийешелүү. Ал Шекер айылында туулган деген сөзгө Жалал-Абат шаарында бир жыл мурдараак туулган деген да жоромол кошулду. Залкар жазуучунун карындашы Роза Айтматова, биз менен маегинде, чынында да Төрөкул Айтматов Жалал-Абатта иштеп жүргөн чакта, жубайы Нагиманы тун уулун төрөөр алдында Шекерге жөнөткөн, 12-декабр — Чыңгыздын нагыз туулган датасы, — деп тастыктады.

Бирок профессор Роза Айтматова Чыңгыздын жана өзүнүн чоң атасы Айтматтын атасы Кимбилди Тынаалы уулу Кончужок небереси өз айылындагы бай кишилерден болгонун ушул кылымда гана тактап жазып чыкты.

Столыпиндик реформалар маалындагы ичкериден жер которуп келгендердин жер тартып алуулары, 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш, 1914-20-жылдардагы Биринчи дүйнөлүк согуш жана атуулдук согуш убагында нечендеген бай кыргыздар жакырланган, көбү ал түгүл итке минген кедей болуп калган. Ошондуктан 1919-20-жылдарга карата Турдакундун да, Чыңгыздын да өз аталары кедей саналганы чындыкка төп.

Бирок эми, эгемендик доорунда гана, алардын ата-тегинин бай болгону тууралуу жаап-жашырбай айта башташты. Ал түгүл Т.Усубалиев өзү Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы бабасы Калыгул Бай уулунун бейитине заманбап күмбөз тургузду. (Ойчул Калыгул Бай уулун 1960-80-жылдары реакциячыл “заманачы” катары сынга алып келген идеолог коммунисттердин анабашы өкүлү үчүн бул инсандык чоң эрдик болсо керек. Кандай болсо да, бул күмбөз эми туристтер кезген жайлардын бирине айланууга тийиш).

Ал эми "Т.Усубалиев өтө карапайым болчу, ал өз атасы Усубалыга эки кабат үй да салып берген эмес", деген сөздөрдү окуганда тек гана жылмайып тим болом. Ал кезде жалпы Кочкордо калайык бир кабат үйдө жашачу. Эки кабаттуу үйлөр азыркы Байтик айылы сыяктуу борбор шаарга жакын саналуу айылдардагы дыйкандарга гана сырттан келгендерге көрсөтүү үчүн салынган. (“Шаар менен кыштакты жакындаталы!” деген ураан бар эле. Батыш Европада шаар менен кыштак коммунизми жок эле жуурулушуп калганын ал кезде кайдан билдик!).

Эгерде Усубалы атага уулу эки кабат там салчу болсо, анда кызматында чейрек кылым эмес, үй кургандан кийинки пленумга чейин деле турмак эмес.

Балким, анын үй салышына өзүнүн эле айылдаштарынан суурулуп чыккан сынчылары каршы пикир билдирмек. Ансыз деле анын атасынын Кочкордогу бир кабат жакшынакай үйү үчүн өз атын ачык жазбагандардын “тологок арыздары” Кремлди көздөй шуулдап учуп турган дешет.

Маркум Абсамат Масалиев (1933—2004) да бул жагынан Т.Усубалиевдей карапайым болгон. Эгемендиктин алгачкы жылдары уулу Исхак Ош шаарында эки кабат үй тургузганда, Абсамат агай “буга каяктан акча таптың!” деп ачууланып, эки-үч ай бою бул үйгө кирбей койгонун Абсамат агайдын жубайы мага айтып берген.

Караколдо Масалиевдин үйүнө жеткирилген жаңы союлган койдун этин ал артка кайтартканы да аңыз кеп болуп тарыхта калды.

Биз, мурдагы КДКнын мүчөлөрү, 1990-жылдын октябр айында, ал кезде Жогорку Кеңештин төрагасы, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын жетекчиси, консерватор саясатчы болгон Абсамат Масалиевдин кызматтан кетишин талап кылган саясий өнөктүктү, анын ичинде саясий ачкачылыкты уюштурган элек.

Абсамат Масалиев (булак: literatura.kg)
Абсамат Масалиев (булак: literatura.kg)

Өзүнө беш жыл мурда каршы чыкканыбыз тууралуу 1995-жылы Абсамат агай менен маегимде ачык айтып бердим да, баарлашууга (диалогго) каршы болбогон учурларын, саясий атаандаштарын каматпагандыгын, ошондой эле аткаминерлердин далайына кызмат убада кылып, шайлоодо жеңүү аргаларын жасабагандыгын эскерип айттым.

Абсамат агай мыйыгынан күлүп:

— Эгерде мен ыйманды, чынчыл болуу керектигин ойлобосом, ошол октябр күндөрү бир эле министрлик кызматты бир нече кишиге сунуш кылып, далай аткаминерди алдап, бийлигимди сактап калмакмын. Андай иштерге мен эч качан барбас элем, — деп айтканы эсимде.

Негизи, эки кабат үйү бар атактуу инсандар Бишкекте таптакыр жок эмес эле. Жазуучу, Сталиндик сыйлыктын (кийин ал “СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы” болуп калды) ээси Түгөлбай Сыдыкбеков, тарыхчы, академик Бегимаалы Жамгырчинов, айрым атактуу сүрөтчүлөр эки кабат үй курдурганга уруксат алышкан. Кээ бир тың кишилер каржылык күчүн жеке дачаларын көркөмдөөгө сарпташкан. Андайлар ар бир сатып алган мыгына кеткен тыйындардын документтеринен бери сактап коюшчу.

Кээде ойлоп кетем, ошол доордо партиялык жетекчилер өздөрү коркпостон өздүк менчиктеги эки кабат үй куруп киргенде (алардын мындайга акчасы деле оңой-олтоң жетмек), анда, балким, биздин кыштактарда деле Грузия менен Өзбекстандагыдай эки кабаттуу жеке үйлөр көп курулмак.

Бирок биздеги партократтар башка усулга түшкөн: ар башка облустарда алардын жана Маскөөдөн келгендердин убактылуу эс алып кетиши үчүн ыңгайлуу шарттары бар эс алуу жайлары, дачалар, өкмөттүк баланстагы имараттар курулган. Ошондой үйлөрдүн бири, маселен, Чычкан капчыгайында ж.б. кооз жайларда курулган. Маскөөдөгүлөр да пайдалана турган мындай өкмөттүк имараттар үчүн эч ким сынга кабылбай тургандыгы да анык. Андан тышкары, партократтар бүткүл союздук жана социалисттик лагердеги эс алуу жайларына барып дем алып турушкан.

Дегиңкиси, жер тилкесин ийкемдүү, натыйжалуу колдонуу үчүн азыр деле бери дегенде эки-үч кабат үй куруу, анын айланасында гүлбакча негиздөө алгылыктуу. (Азыр деле саясатчы Азимбек Бекназаровдун өз айылында эки кабат үй курганына "ичи чыкпагандардын" кебин угуп калам. Атаганат, элет жеринде ылайым үч кабат курса кана!)

Сөздү андан ары жалгаштырсак, пост-советтик тарых баскычынын инсандары да, биздин ишенимибизде, калыс, бейтарап баяндала бермекчи.

Маселен, алгач реформатор жана либерал болуп чыккан, маалымат технологиясы боюнча кыргыз тилиндеги алгачкы китептердин бирин жарыялаган физик окумуштуу Аскар Акаев өзүнүн авторитардык режимин асмандан алып түптөгөн эмес. Ал жердеги эле, өз өлкөсүндөгү эле ар башка дубандардан чыккан көшөкөрлөрүнө таянган.

Ал “алтын комиссиясына” мүчө болуп, өзүнө каршы чыккан Т.Усубалиевди “кайра имерип ийиткен”, Конституциялык сотко Башмыйзамдын талаптарына каршы чечим чыгарууга бара алган Ч.Баекованы төрайым кылган, өзүнүн камчысын чапкандарга дароо “академик” наамын ыйгартып, БШКга жалаң өзүнүн кишилерин жетекчи кылдырып, КТРды “карыпкуловдук кара жашикке” айлантып, каяша айткан оппозиция өкүлдөрүн (Ф.Кулов, Т.Тургуналиев, А.Бекназаров, ж.б.) жана эркин журналисттерди (З.Сыдыкова, Ы.Өмүрзаков, Ж.Садыр уулу, ж.б.) абакка салдырган. Анын тушунда каргашалуу Аксы окуясы болгон.

Ошол эле учурда 2005-жылы качып кеткен соң, ичкилик ичип бекер жатып албастан, А.Акаев илимий ишмерлигин уланткандыгы, авторитардык Орусиянын борборунда жылуу-жумшак жайгашып алып, дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринде каржылык кризистин алдын алуу боюнча физиктин көзү менен ой толгоолор жазгандыгы, Маскөө мамлекеттик университетинде дарс окуганы ж.б жаатында аны колдогондор тарабынан жылуу сөздөр да айтылып келет.

Курманбек Бакиев 2005-жылы 24-марттагы ыңкылаптан соң бийликке келгенден кийинки алгачкы бир жарым жылда деле Кыргызстанда кыйла реформалар жүргөндүгү калыс айтылуусу абзел. Албетте, мунун өбөлгөлөрүнүн бири - Жогорку Кеңештин президенттен көз каранды эмес болгону, жалпы коомдогу ыңкылаптык эйфориядан жаралган реформачыл жаратман рух эле.

Бакиевдин тушундагы ар бир окуя калыс таразаланууга тийиш. Маселен, 25-мартка караган түнү бакиевчилер бир нече саатка президенттин милдетин аткарып калган депутат Ишенбай Кадырбековду кантип коркутуп-үркүтүшкөндүгү, ал эми 2002-жылы Аксы окуясында курал колдонууга уруксат берген буйрукка премьер К.Бакиев кол койгондугу кийин гана жамы журтка дайын болду.

Кийинки мамлекет башчылар жана башка коомдук ишмерлер дагы айкындуулук шартында эмитеден эле ар тараптуу баага татууда.

1917-ж. марты. Н.К.Крупская: “Вова, турсаңчы, ыңкылап [болду]!” Ленин: “Мен – экинчисине [барам] да!”
1917-ж. марты. Н.К.Крупская: “Вова, турсаңчы, ыңкылап [болду]!” Ленин: “Мен – экинчисине [барам] да!”

Чакан макалабызды Лениндин туулган күнү менен баштадык эле, Ленинге байланыштуу бир саясий азил менен аяктасак.

Элеттеги бир айылдын аксакал тургуну Лениндин дарегине — “Маскөө. Кремл. Лениндин өз колуна” деп жазып, жеке көйгөйү боюнча арыз менен кайрылыптыр.

Ага компартиянын райондук комитетинин катчысы түшүндүрөт:

— Аксакал, эшикте 1980-жылдар го! Деги эмнени жазгансыз? Ленин эчак эле, тээ 1924-жылы өлгөн. Кайрат кылыңыз эми!.. Сабыр кылыңыз!

— Каяктагы сабыр!.. Тетиги тоо бетинен бери таш менен кооздоп: “Ленин жашаган! Ленин жашоодо! Ленин түбөлүккө жашай берет!” деп жазасыңар да, карапайым ленинчи киши өзүнүн көйгөйүн айтып кайрылса, дароо эле “Ленин өлгөн” деп чыгасыңар! — деп ачууланган имиш.

Дегиңкиси, тарыхый инсан эч качан өлбөсө керек. Тек гана ага карата баалар коомдун өнүгүш сересине ылайык өзгөрө берээри анык.

Азыркы жана болочокку коом өкүлдөрү бардык инсандар жөнүндө калыс, ар тараптуу бааны окуп-билүүгө татыктуу.

XS
SM
MD
LG