Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Прокурорду жардырган адам 21 жылга кесилди


Прокурордун автоунаасы жарылган жер. 29-июль, 2016-жыл.
Прокурордун автоунаасы жарылган жер. 29-июль, 2016-жыл.

Башкы прокуратуранын ички иликтөө бөлүмүнүн улук прокурору Эркин Курманалиевдин автоунаасын жардырган Төлөгөн Айтмырзаев 21 жылга эркинен ажыратылды. 20-апрелде Октябрь райондук соту ушундай өкүм чыгарды.

2016-жылдын 29-июлунда Орто-Сай базарынын жанында автоунаа жарылып, анын ичинде отурган прокурор көзүнөн жана колунан айрылган.

Тергөөдө Айтмырзаев Курманалиевге тууган экени жана ага 60,5 миң доллар карыз экени аныкталган. Ортодо ал өз үйүн Курманалиевдин апасына каттатууга аргасыз болот. Прокурор кийин анын көчүшүн талап кылганда ортосунда чыр чыгып, анын көзүн тазалоого аракет кылган. (UEz)

XS
SM
MD
LG