Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Улуттук оюндар тууралуу тасма тартууга сынак жарыяланды


Кыргыздын улуттук спорт оюндарынын бири - көкбөрү.
Кыргыздын улуттук спорт оюндарынын бири - көкбөрү.

Кинематография департаменти кыргыздын улуттук оюндары тууралуу фильм тартуу үчүн сынак жарыялады.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, тасма тартууга мамлекет колдоо көрсөтөт.

Сынакка кино тармагында иштеген адистердин баары катыша алат. Сценарий социалдык мааниге ээ болуп, коомдун маданий-нравалык баалуулуктарын даңазалап, жаштарга жана балдарга дем берүүгө тийиш.

Арыздар 31-майга чейин кабыл алынат. 1-июлга чейин эксперттик комиссия аны карап чыгат. (SE)

XS
SM
MD
LG