Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

АКШда конгрессмендер тобу Трампты Нобель сыйлыгына сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Республикачыл конгрессмендердин он сегизи ушул шаршемби күнү Нобель комитетине жазган катта Дональд Трамп “Түндүк Кореяны мыйзамсыз аскердик программасын токтотууга мажбурлаш үчүн ага болушунча кысым көргөзүү аракетинде талыкпастан иштегени” айтылат.

Кайрылуунун авторлору ошондой эле Трамптын администрациясы эл аралык коомчулукту бириктире алганын, мунун натыйжасында Түндүк Кореянын экономикасына сокку урган жаңы санкциялар кабыл алынып, Пхеньянды сүйлөшүүгө мажбурлаганын да белгилешет.

Дональд Трампты Нобель Тынчтык сыйлыгына көргөзүү маселеси акыркы күндөрү анын жактоочуларынын арасында кызуу талкууланууда.

Аптанын башында Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин өкмөттөгү кеңешмеде бул идеяны колдогону тууралуу маалыматтар чыккан.

Дем алыш күндөрү Мичиганда Трамп өзү да барган митингде анын катышуучулары “Нобель, Нобель!” деп кыйкырышкан. Бирок АКШнын өзүндө Трампты сындагандар конгрессмендер тобунун Нобель комитетине жазган катын Конгресске өткөөл шайлоо алдында консервативдүү электораттын көңүлүн алууну көздөгөн “саясий амал” деп эсептешет.

Маселен, Нью-Йорк штатынан шайланган конгрессмен Адриано Эспайя Дональд Трамп Ак үйгө келген бир жылдан ашуун мезгил ичинде дүйнө коопсуз болуп кетпегенине көңүл бурду.

Буга чейин Нобель Тынчтык сыйлыгын АКШнын төрт президент: Теодор Рузвельт, Вудро Вильсон, Джимми Картер жана Барак Обама алган. (UE)

XS
SM
MD
LG