Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Караколдо каналдан суу ашып, үйлөрдү каптады


Караколдо үйлөрдү каптаган суу. 4-май, 2018-жыл.
Караколдо үйлөрдү каптаган суу. 4-май, 2018-жыл.

Ысык-Көл облусунун Караколдо тазаланбай калган каналдан суу ашып, үйлөрдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, суу короо жайларды бүгүн саат эртең менен каптай баштаган. Баштапкы маалымат боюнча Токтогул көчөсүндөгү үч үйгө суу кирген.

ӨКМдин Каракол шаардык бөлүм башчысынын орун басары жана кызматкерлери барып, арыктарга кептелип калган тал-теректин чырпыктарын жергиликтүү тургундар менен кошо тазалашып, натыйжада суу каптоонун кесепети жоюлду. (ErN)

XS
SM
MD
LG