Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Бишкекте “Мээримдүү тыйын” кайрымдуулук акциясы өтүп жатат


Бишкек шаарындагы “Азия молл” соода борборунда өтүп жаткан иш-чараны “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фонду уюштурду. Анда фонддун каттоосунда турган жана чукул арада операцияга муктаж балдарга каражат чогултулууда.

“Мээримдүү тыйын” акциясы жыл сайын эки ирет - ноябрда жана майда өткөрүлүп турат. Былтыр ноябрда акция учурунда 232 миң сом топтолуп, операцияга муктаж бир кишиге жана төрт балага таратылып берилген. Акция башталган үч жылдан бери жалпысынан 20дан ашык баланын операциясы үчүн каражат топтолгон.

Былтыр БУУ "Мээримдүү тыйын" долбоорун жакыр өлкөлөргө үлгү катары көрсөткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG