Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:39

КСДП депутаты Абтандил Кулбараковдун аты көчөгө коюлду


Депутаты Абтандил Кулбараков жана аты жазылган көчө тактайчасы.

Чүй облусунунун Аламүдүн районунун Кырман айылында Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Абтандил Кулбараковдун аты көчөгө берилди. Бул тууралуу депутат өзү “Азаттыкка” түшүндүрмө берди.

- Ошол көчөдө жашагандар өздөрү келип, “жарыгыбызды, жолубузду оңдоп бер” деп суранышкан. Мен колумдан келишинче жардам берип, электрин коюп бердим, башкасын коюп бердим. Анан ошого ыраазы болуп, алар көчөгө менин атымды коюуну чечишиптир. Менин атым коюлса эмне болуптур, эмне, жер-суунун баарына эле адамдардын аттары коюлуп атпайбы? Жарыктарын, жолдорун оңдоп берсе, башкалардын деле ысымдарын кое беришсин да, анын эмнеси бар? Жарыгы жок тургандан көрө ошол жакшы да. Муну эмне эле жөндөн-жөн эле саясатташтырып жатасыңар, эч түшүнбөй койдум. "Атымды койгула" деп мен суранган эмесмин, ага кызыкчылыгым жок. Эгер ошондой эле атымды койдургум келсе, мен өзүм туулган, азыр жардам берип келген Жумгал районунда көчөгө атымды койдуруп алмакмын.

Бул маалыматты Кырман айылы баш ийген Лебединовка айыл округунун жетекчилиги да ырастап, Кулбараковдун аты айылдын “6 гектар” деп аталган участкасынын борбордук көчөсүнө коюлганын билдирди. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Бурул Эсенаманова “Азаттыкка” кабарлагандай, депутаттын аты ошол конуштун жашоочуларынын демилгеси жана өтүнүчү менен коюлган. Бул боюнча Лебединовка айылдык кеңеши токтом да кабыл алып, ал көчө аттарына киргизилген 2020-жылга чейинки мораторийден улам орто жолдо туруп калган. Бирок Абтандил Кулбараковдун аты-жөнү жазылган тактайчалар аталган көчөгө илинген.

Буга чейин да Кыргызстанда бир катар айылдарда жолго шагыл төшөп, же асфальттап койгон адамдардын аттары көчөлөргө коюлганы сынга кабылып келген.

Кыргызстанда көчөлөргө жана айылдарга ат берүү “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзам менен жөнгө салынат. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG