Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:09

ЖЭБ чуусу: Депутаттык комиссия корутунду кабыл алды


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комисссия корутунду кабыл алды.

Комиссиядагы талкуу бүгүн кечке уланып, соңунда анын жыйынга катышкан тогуз мүчөсү корутундуга кол койду, калган үчөө иш сапарында жүргөнүнө байланыштуу кол кое элек.

Корутундуда "Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду" деген жетекчилердин ишине укуктук баа берүү сунушталды.

Комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, бул тизмеге 30га жакын адам кирди. Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Жоомарт Оторбаев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, финансы министринин азыркы орун басары Мирлан Байгөнчөков, мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы экономика министри Темир Сариев, экономика министринин мурдагы орун басары Санжар Муканбетов, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, “Улуттук энергохолдингдин” жана Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, Экотехинспекциянын башчысы Канатбек Муратбеков, Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы директору Турдубек Мамбетов, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директорлору Салайдин Авазов, Абдылда Исраилов, Таалайбек Толубаев, Узак Кыдырбаев, Бишкек ЖЭБинин экс-директору Нурлан Өмүркул уулу жана учурдагы директору Андрей Воропаев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы комитетинин учурдагы башчысы Улан Рыскулов жана башка бир катар жетекчи кызматкерлер бар. ТВЕАнын чакыруусу менен Кытайга иш сапар менен барган депутаттар тобуна да баа берүү сунушталды.

Ошондой эле президентке, Жогорку Кеңешке жана башкы прокурорго Бишкек ЖЭБин жаңылоого алынган 386 миллион доллардын максаттуу пайдаланылышын, кызмат адамдарынын кытайлык ТBEA компаниясынын өкүлдөрү менен байланышын, сатылып алынган жабдыктардын жана аткарылган иштердин наркынын негиздүүлүгүн текшерүү сунуш кылынды.

Буга чейин "жоопкерчилиги каралышы керек" деген жетекчилердин арасында Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун да аты аталып жаткан. Бирок бүгүнкү жыйынга Марипов өзү келип катышып, тиешелүү документтерди көрсөткөн соң ал тизмеге киргизилген жок.

Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламентте 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ишти аткаруучу болуп кытайлык ТBЕА компаниясы дайындалган.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учураганда Бишкек шаары бир нече күн жылуулуксуз жана жарыксыз калган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG