Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:16

Кулматов TBEA курган мектеп тууралуу суракка чакырылганын айтты


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) эки жарым сааттан ашык сурак берип чыкты. Сурактан кийин ал журналисттерге атайын кызмат кайсы маселе боюнча чакырганын айтып берди:

- Суроо мен Бишкек мэри болуп иштеп турган кезде TBEA компаниясы мектеп курулушу үчүн берген гранттык каражатты кымырууга байланыштуу болду. Ушул гана суроо. Биз ТВЕА​ компаниясынын грантына Калыс-Ордо жаңы конушунда мектеп курдук. Бүт баары мыйзамдуу болгон, мектеп турат.

2014-жылы Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого 386 млн. доллар жумшаган кытайлык ТВЕА компаниясы бул суммадан сырткары 2 млн. доллар грантка мектеп салып бермек болгон. Ага Калыс-Ордо конушуна 1200 орундуу мектеп жана бала бакча куруу жагы чечилген. Кийин ал 750 орунга, андан кийин 660 орунга чейин кыскарган.

Кытай компаниясы бөлүп берген акча менен курулуш иштерин баштаган эки компаниянын иштери экспертизадан өтпөй калып, иш эки жолу токтоп калган. Кийин курулуш үчүнчү ишканага - "Айкөл курулуш" компаниясына берилип, мектепти ошол бүткөргөн. Бирок Кытай акчасынан тышкары Бишкек шаардык бюджетинен 104 млн. сом бөлүнүп берилген.

Башкы прокуратура былтыр “Айкөл курулуш” компаниясы менен мэриянын кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоп, мектепти курууга мамлекет берген сумманын 91 миллиону кымырылганын жарыялаган. (NT)

XS
SM
MD
LG