Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Өзбекстанда "Америка добушунун" кабарчысы аккредитациядан өттү


Журналист Навбахор Имамова
Журналист Навбахор Имамова

"Америка добушу" радиосунун өзбек кызматынын журналисти Навбахор Имамова Өзбекстанда журналисттик ишмердик жүргүзүү үчүн аккредитациядан өттү. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча бюросу "Твиттер" баракчасына жарыялады.

"Навбахор Өзбекстанда аккредитациядан өткөн жалгыз жана алгачкы америкалык журналист. Ал Өзбекстанда кесипкөй жана көз карандысыз журналистиканы жайылтууда алдыңкы сапта" ,- деп жазылат кабарда.

Навбахор Имамова "Америка сүртүмдөрү" түрмөгүндө даярдалган алгачкы теледолбоордун автору.

"Америка добушу" радиосунун журналистинин аккредитациядан өтүшү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин АКШга расмий сапарынын алдында ишке ашты.

Мирзиёев 15-майда АКШда сапар менен болуп, президент Дональд Трамп менен Ак үйдө жолугушат.

XS
SM
MD
LG