"Демократия жана саясий туткундар – бири-бирине коошпогон көрүнүш" аттуу форумда Феликс Кулов "президент Сооронбай Жээнбеков саясий туткундарга саясий ырайым кылса туура болмок" деп билдирди.
- Бул гумандуулуктун белгиси болуп, жаңы саясий багыттын башталышынан кабар бермек. Камакта жаткан бир да саясатчы төңкөрүш жасоого барбайт болчу. Ал эми жөн гана өз кыялын айтып койгону үчүн кишини эч качан соттоого болбойт.
Бүгүн Бишкекте камактагы саясатчылардын абалын талкуулаган форум өтүп жатат. Ага Феликс Кулов, Чынара Жакупова, Курманбек Осмонов ж.б саясатчылар, укук коргоочулар жана саясий туткундардын жакындары катышып жатат.