Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

Отунбаева: Парламент балдарды өнүктүрүүгө катуу көңүл бөлүшү керек


Роза Отунбаева форумда сүйлөп жатат.
Роза Отунбаева форумда сүйлөп жатат.

Жогорку Кеңеште балдарды жаштайынан өнүктүрүүгө байланыштуу атайын комитет түзүш керек. Бул тууралуу Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева мектепке чейинки балдарды өнүктүрүүгө багытталган Бишкектеги улуттук форумда билдирди.

- Балдарды жаштайынан өнүктүрүү маселесин мамлекет негизги багыт катары карашы керек. Жакырчылыкты жоюунун бир жолу - балдарды эрте куракта, мектепке чейинки убакта өнүктүрүү болуп эсептелет. Учурда балдардын 30 пайызы гана бала бакчага барат,-деди Отунбаева.

Мектепке чейинки балдарды тарбиялоого арналган форум Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жатат. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы иш-чарага Германия, Швейцария, Улуу Британия, Түркиядан келген адистер да катышууда. 15-16-майда өтө турган жыйында мындан сырткары Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын өкүлдөрү өз тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Форумда балдарды кичинесинен тарбиялоо, алардын жөндөмүн жогорулатуу жана шыктандыруу, мындагы ата-эненин, мамлекеттин ролу туурасында беш башка-башка топто талкуулар өтөт. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынат. (KE\ErN)

XS
SM
MD
LG