Башкы прокуратура 14-майда мамлекеттик сатып алуу порталына жарыя илип, анда "Тойота" үлгүсүндөгү автоунааларды 425 миң сомго ремонт кылууга конкурс жарыялаган.
Ал суммага 2012-жылы чыккан "Тойота Прадо" үлгүсүндөгү эки унаа, 2006-жылы чыгарылган "Лексус" жана 2006-жылкы "Тойота Камри" автоунаалары оңдолот.
Ушул жылдын март айында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Башкы прокуратурага бекитилген бюджетинен тышкары кошумча 250 миллион сом бөлүп берүү тууралуу өкмөттүн буйругуна кол койгону ачыкка чыгып, кызуу талкууга түшкөн.
Өкмөттүн маалыматы боюнча, Башкы прокуратура "Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү "Альфа-Телеком" акционердик коому менен "Brasfortlimited" компаниясынын ортосунда түзүлгөн насыялык келишимдин негизинде мыйзам бузуу болгонун аныктаган.
Анын натыйжасында мамлекетке 5 млрд. 416 млн. сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын орду толтурулган. Бишкектин район аралык соту 2017-жылдын 4-майындагы чечими менен ордуна коюлган акчанын отуз пайызын же, тагыраагы, 1 млрд. 624 млн. сомду прокуратурага төлөп берүү жөнүндө чечим чыгарган. Сапар Исаков өзүнүн мындай чечимин дал ушул зыяндын орду толтурулганын жүйө келтирген. (KR)