Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Сапар Исаков: Кыргызстандан эч жакка качпайм


Сапар Исаков, 18-май, 2018-жыл
Сапар Исаков, 18-май, 2018-жыл

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков “Азаттыктын” 2х1 маегинин коногу болду.

Сапар Исаков Бишкек Жылуулук борборунун айланасындагы өзүнө айтылган айыптар, Социал-демократиялык партиянын айланасындагы абал, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун мамилеси тууралуу пикирин билдирди.

Сапар Исаков өзүнө карата саясий куугунтук башталды деген пикирин билдирип, камакка алынышы мүмкүн экенин четке каккан жок.

“Азаттык”: Сапар мырза, Жогорку Кеңеште үч күнгө болгон талкуу аяктады. Анда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо үчүн Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыяны алууда EPS келишимге ким макул болгон, модернизациялаган ТВЕА компаниясы кандай негизде тандалып алынган деген суроонун тегерегинде болду. Дал ушул маселеде сизге дооматтар артылды. Себеби, сиз президентке кызматтык кат жазып, Кытайдын соода өкүлүн кабыл алганыңыз үчүн депутаттар шектенип жатат. Чынында эле эмне себептен мындай шартка макул болгон элеңиз?

Сапар Исаков: Үч күндөн бери парламентте абдан катуу талкуу өттү. Бул Кыргызстандагы демократиялык процесстердин ачыктыгын, эркиндигин көрсөтөт жана сүйүндүрөт. Парламентте мындай нерселер боло бериши керек, ачык суроолор узатылып, ачык жооптор берилиши керек.

Бирок парламентте туура эмес нерселер болуп кеткенин ачык айтып коёюн. Мен өзүм да байкап отурдум. Бүгүн депутат Дастан Бекешев да "Вотсап" аркылуу тиешелүү суроолор, ким эмне деп сүйлөш керек экени тууралуу көрсөтмөлөр келип турганын ачык айтып чыкты.

“Азаттык”: Көрсөтмө ким тарабынан болушу мүмкүн?

Сапар Исаков: Мен азыр билбей жатам. Конкреттүү бирөөнү айыптай албайм. Кимдер болушу мүмкүн? Муну даярдаган адамдар же президенттик аппарат болушу мүмкүн. Албетте, муну далилдеш кыйын. Бирок эртедир-кечтир ачыкка чыгат деп ойлойм.

“Азаттык”: Азыр Бишкек ЖЭБине байланыштуу тергөө уланып жатат. Сиз сурак берип жатасыз. "Сапар Исаковду камашы мүмкүн" деген сөздөр жүрүүдө.

Сапар Исаков: Ошондой сөздөр Интернетте чыгып жатыптыр. Атүгүл "Сапар Исаков Америкага качат экен" деген макала да чыгыптыр. Мен өз мамлекетимден эч жакка кетпейм. Мен коррупцияга барган эмесмин, тазамын. Ошондуктан, эч нерседен коркпойм.

“Азаттык”: Сиз саясий куугунтук болуп жатканын айтпадыңызбы. Андай болсо камап салышы мүмкүн деген ой кеткен жокпу?

Сапар Исаков: Баары болушу мүмкүн. Бирок бир нерсени жасаардан мурда аны катуу далилдеш керек.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз:

Сапар Исаков: Коррупцияга барган эмесмин
please wait

No media source currently available

0:00 0:39:08 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG