Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Кадамжайда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


Кармалган жигит
Кармалган жигит

Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, ушул жылдын февраль айында Үч-Коргон айылынын тургуну, 23 жаштагы Э.Б. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн "Дэу-Ланос" үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп койгон жеринен белгисиз бирөө айдап качып кеткендигине даттанган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин ("Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

Натыйжада ошол эле күнү Кадамжай РИИБнүн кызматкерлери автоунааны айылдын четиндеги талаадан табышкан. Алынган маалыматтардын негизинде унааны айдап качкан киши мурда бир канча жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экендиги такталган. Ал изин жашыруу үчүн Бишкек шаарына качып кеткен.

ИИМдин атайын тизмесинде турган Марказ айылынын 25 жаштагы тургуну Ш.З. Бишкек шаардык милиция кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. (MdN\ErN)

XS
SM
MD
LG