Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:28

Британия орус байларын бутага алабы?


Британ парламентинин комитети Орусиядан Лондонго агылган шектүү акча жана байлыкка каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды. Орус тарап бул кабарды кезектеги пропаганда деп баалап, орус байларын акчасын Британияга эмес, Орусиянын өзүнө салууга чакырды.

"Москванын алтыны: орусиялыктардын Британиядагы коррупциясы". Британ парламентинин Тышкы иштер комитетинин дал ушундай аталыштагы атайын баяндамасы 21-мартта жарыяланды. Анда Кремлге ыктаган орусиялыктар Британиянын финансы системасы менен кыймылсыз мүлк тармагын колдонуп, шектүү каражатын адалдап жатканы айтылат.

"Президент Путиндин клептократтарынын Лондон аркылуу адалданган акчаны колдонуп, биздин өнөктөштөрдү алсыратышына, биздин институттардын беделине шек келтиришине Британиянын көз жуумп койгону болбойт" деп айтылат баяндамада.

Баяндаманын башында турган британ депутаты, Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер комитетинин башчысы Том Тугендхат орусиялык олигархтарга Лондондо кымбат үйлөрдү сатып алып, кайра сатууга уруксат берилиши Кремлдин Батыштагы таасирин ого бетер күчөтүп жатканын айтты.

Президент Владимир Путин жана орусиялык олигарх Олег Дерипаска.
Президент Владимир Путин жана орусиялык олигарх Олег Дерипаска.

​Натыйжада британ депутаттары өкмөт Орусиянын саясий режимине каршы туруунун бирдиктүү стратегиясын иштеп чыгууну, Владимир Путинге финансылык кысымды күчөтүүнү сунуш кылып жатышат.

Мындай чакырыктарды коррупцияга каршы күрөшкөн уюмдар кубаттап, орусиялыктардын Британиядагы байлыгын ашкерелеп келишет.

- Биз Британияда орусиялыктар ээлик кылган 940 миллион фунт стерлингдик кыймылсыз-мүлктү таптык. Биз бул үйлөр коррупция жана кылмыштуу жол менен алынган акчага сатылып алынган деп ишенебиз. Биз Британ өкмөтүнөн конкреттүү кадамдарды күтөбүз,-деп билдирген Transparency International уюмунун өкүлү Рейчел Дэвис.

Орус Думасынын депутаты Анатолий Аксаков болсо британ эл өкүлдөрүнүн соңку баяндамасын кезектеги пропагандалык кадам деп мүнөздөп, орус байларын акчасын Британияда эмес, Орусиянын өзүндө сактоого чакырганын "РИА-Новости" басылмасы кабарлады.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков британ эл өкүлдөрүнүн баяндамасын "русофобиянын" бир көрүнүшү деп мүнөздөдү:

- Бул - достукка жатпаган жана акыйкат эмес атаандаштыкты күбөлөгөн кезектеги кадам экени бышык. Биздин бизнес ак ниеттүүлүккө жатпаган ар түрдүү мамилеге дуушар болууда.

Советтер Союзу ыдырагандан кийин Британия орус саясатчылары менен бизнесмендеринин каражаты топтолгон негизги өлкөлөрдүн бирине айланган. Мисалы Лондондо орус өкмөт башчысынын орун басары Игорь Шуваловдун, олигарх Алишер Усмановдун кымбат үйлөрү бар экени айтылып келет.

Миллиардер Роман Абрамович.
Миллиардер Роман Абрамович.

Орусиялыктардын Британиядагы байлыгы быйыл март айында мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия ууландырылгандан кийин кайра күн тартибине чыкты. Өткөн апта аягында Англиядагы "Челси" футбол клубуна ээлик кылган орусиялык миллиардер Роман Абрамовичтин инвесторлук визасын британ тарап узартпай койгону кабарланды. Бирок Британия бул боюнча акыркы чечим кабыл ала электигин "Рейтер" агенттиги кеминде эки жашыруун булакка шилтеме кылып дүйшөмбү күнү билдирди.

Кантсе да Абрамович 19-майда Англиянын кубогу үчүн өткөн "Челси" менен “Манчестер Юнайтеддин" оюндарына келе алган жок. Буга чейин Британиянын ички иштер министри орусиялык байларга берилген жүздөгөн визалар текшерилип жатканын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG