Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Шайырбек Абдырахманов КТРК жетекчисинин орун басарлыгына көрсөтүлөт


Шайырбек Абдырахманов.
Шайырбек Абдырахманов.

Журналист Шайырбек Абдырахманов Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) жетекчисинин радио боюнча орун басарынын милдетин аткара баштады. Бул тууралуу мекеменин башкы директору Илим Карыпбеков "Азаттыкка" билдирип, буйрук 28-майда чыгарылганын айтты:

- Эреже боюнча, Абдырахмановду орун басарлыкка толук бекитиш үчүн КТРКнын Байкоочу кеңешинин макулдугун алышым керек. Ошондуктан кеңештин эмки жыйынында Шайырбек Абдырахмановду орун басарлык кызматка көрсөтөм.

Илим Карыпбековдун мурдагы орун басары Кайрат Иманалиев өткөн жумада иштен кеткен. Ал башка кызматка өтөрү айтылган.

Шайырбек Абдырахманов бир катар телебаяндары менен таанымал. ЭлТР каналын жетектеген. Социалдык тармактарда бийликке сын көз караштагы пикирлерди жарыялап турат. (SE)

XS
SM
MD
LG