Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 22:41

Базар-Коргондо жол эрежесин бузуу үчүн айып катары түшкөн акча кымырылган


Иллюстрациялык сүрөт.

Базар-Коргон райондук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо (ЖККК) бөлүмүнүн жана “Кыргыз почтасы” ишканасынын райондук филиалынын айрым кызматкерлери акча каражаттарын ээлеп алган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Тергөөдө такталгандай, эки мекеменин кызматкерлери жең ичинен сүйлөшүп алып, жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча административдик чараларды жасалма каттап, айып катары түшкөн акчаны кымырып алып турушкан. Алар бул үчүн 440 протоколду жок кылып, административдик укук бузуу жөнүндө 175 протоколду жасалмалашкан.

Аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке келтирилген зыян болжол менен жарым миллион сомго жакын сумманы түздү.

УКМКнын материалдары боюнча, Базар-Коргон райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин 2-бөлүмү (“Кызматтык жасалмалоо”) жана 171-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу") боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө уланууда. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG