Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Жерди мыйзамсыз алды делген “Ихлас” фирмасы билдирүү таратты


"Ихлас" фирмасы үй куруп жаткан жер тилкеси. "Азаттыктын" 16-майдагы иликтөөсүндөгү тасмадан алынган кадр.
"Ихлас" фирмасы үй куруп жаткан жер тилкеси. "Азаттыктын" 16-майдагы иликтөөсүндөгү тасмадан алынган кадр.

Бишкек шаарындагы жер тилкесин мыйзамсыз алууга шектелип жаткан “Ихлас” курулуш компаниясы өз дарегине карата айтылгандар боюнча билдирүү таратты. Компаниянын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов анда компанияга карата “ыксыз каралоо” жүрүп жатканын белгилеген.

Ал “Ихлас” компаниясынын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго тиешеси жоктугун, Бишкектеги 2,8 гектар жер мыйзамдуу алынып, курулуш иштери да тиешелүү органдардын уруксаты менен жүргүзүлүп жатканын кайталаган.

Осмоновдун билдиришинче, алардын жер тилкени алуусу мыйзамдуу экенин шаар мэри Албек Ибраимов да, курулуш агенттигинин жетекчилиги да бир нече жолу ырастаган.

“Рамазан айы аяктагандан кийин бизди ыксыз каралаган бардык тараптар менен, айрыкча маалымат айдыңындагы бир нече адамдар менен укуктук талаада күрөшөбүз. Тактап айтканда, сотко кайрылып, өз чындыгыбызды жана акыйкатыбызды далилдейбиз!” деп жазган Нурбек Осмонов өз билдирүүсүндө.

Билдирүүдө Бишкектин бул аймагына үйлөрдөн сырткары чет өлкөлөрдүн элчиликтеринин жаңы кеңселери курулганы, бирок алар тууралуу сөз козголбой, ата мекендик бизнеске бут тосуу болгону, ар кандай кептерден, текшерүүлөрдөн курулуш аксап жатканы жазылган.

30-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2,8 гектар жер мамлекеттик экспертизанын тиешелүү чечимин албай туруп, жасалма сынактын негизинде курулуш компаниясына берилгенин билдирген. Факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен эки кылмыш ишин козгогон. Ишти тергөө УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү буга чейин журналисттик иликтөө жүргүзүп, ал жер тилкеси "Ихлас" курулуш компаниясына берилгенин кабарлаган. Аталган компания болсо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго жакын адамдарга таандык экени айтылган. Илмиянов өзү бул компанияга тиешеси жок экенин айтып, ал маалыматты төгүндөгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG