Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 03:27

Ким өзөктүк куралдан акырындап арылгысы келерин айтты


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча ниети өзгөрбөстөн кала берерин жана процесс акырындап ишке ашарын билдиргенин 1-июнда KCNA маалымат агенттиги жазды.

Ким бул тууралуу Пхеньянда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуп жатып бейшембиде билдирген. Ал ошондой эле АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы пикир келишпестик натыйжалуу жана конструктивдүү диалог аркылуу чечилерине үмүт кыларын белгилеген.

Ким менен Лавров Пхеньян менен Москва ортосундагы кызматташууну күчөтүүнү жана быйыл эки тараптуу саммит өткөрүүнү макулдашты.

Лавровдун сапары АКШда мамкатчы Майк Помпео менен Түндүк Кореянын жогорку даражалуу өкүлү Ким Йоң Чол жолугушуп жаткан маалга туш келди. Нью-Йорктогу сүйлөшүүдө 12-июнга белгиленген Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын "тарыхый" деп мүнөздөлгөн жолугушуусуна даярдык талкууланды.

Вашингтон менен Пхеньян Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча процесске эки башка көз карашта. Вашингтон Түндүк Корея өзөктүк куралын жакын арада жок кылышын талап кылууда, анын ордуна экономикалык санкцияларды жоюп, жардам көрсөтүүгө убада берип жатат. Ал эми Пхеньян өзөктүк куралдан акырындап арылуу ниетин билдирип келет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG