Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Сооронбай Жээнбеков Кытайга мамлекеттик сапар менен барат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен 6-8-июнда Кытайда мамлекеттик сапарда болот. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзинпин, Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаншу менен жолугат.

Андан ары 9-10-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Циндао шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйынына катышат.

Саммиттин жүрүшүндө ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, кызматташтыкты талкуулайт.

Бул саммитте кытай тарап ШКУдагы төрагалыгын (2017-2018-жж.) жыйынтыктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берери пландалууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG