Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Абдрахманов: Атамбаевди КСДПдан чыгаруу маселеси каралууда


Сагынбек Абдрахманов. Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Сагынбек Абдрахманов. Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагалыгынан түшүрүп, аны тизмеден чыгаруу маселеси каралып жатат.

Бул тууралуу Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун жетекчиси, парламенттин мурдагы депутаты ​Сагынбек Абдрахманов "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Анда Абдрахманов "Атамбаев биздин КСДП партиясынын тарыхый эмгектеринин артына жашынууга аракеттенип жатканына нааразыбыз" деп билдирген. Мындан тышкары, экс-президенттин мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкектин мурдагы мэри, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовду жактаганын "эки жүздүүлүк" катары баалаган.

"Биздин жолдоштор 7-апрелде коррупцияга жана бийликтин баш-аламандыгына каршы күрөшүп жатып каза тапкан. Бирок бул окуядан кийин бийликке келген Атамбаев күч-аракетин өзүнүн кызыкчылыгына багыттап, бийликти ЦАРИИнин (Ред: Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын уулу Максим жетектеген Өнүгүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттик) кызматкерлерине, айдоочулары менен жансакчыларына берип койду. Биз, учурда КСДПнын кезексиз жыйынын чакыруу боюнча иштер аяктап калганын билдиребиз. Алмазбек Атамбаев мамлекетте гана эмес, партияда да эбегейсиз бийликти өзүнө ыйгарып алды. Партия ичиндеги демократия жок кылынды. Бирок биз ага жана анын санаалаштарына кылган иштери үчүн жазадан коргонуу максатында партияны мындан ары да пайдаланууга жол бербейбиз. Биз, Алмазбек Атамбаев партиянын төрагалыгынан кетип, КСПДдан чыкмайынча токтобойбуз", - деген билдирүү жарыялаган Сагынбек Абдрахмановдун өзү менен "Азаттык" азырынча байланыша алган жок.

Анын билдирүүсүнө КСДП партиясы жана экс-президент Алмазбек Атамбаев комментарий бере элек.

6-июнда Алмазбек Атамбаев аталган партиянын мүчөлөрү Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду камакка алуу тууралуу чечимди сындаган билдирүү тараткан.

Сагынбек Абдрахманов Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фондду жетектейт. 2010-жылы Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына КСДПдан депутат болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, кийинчерээк "добуш берүү таза өтөөрүнө ишеним жок" деген жүйө менен саясий жарышка катышуудан баш тарткан. Ошол жылы августта анын КСДПнын тизмесинен чыгарылганы тууралуу кабар тараган. Ал азыр деле партия тизмесинде деген маалымат да бар. (NT)

XS
SM
MD
LG