Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) АКШнын президенти импортко киргизген жаңы салыктар глобалдык соода системасына коркунуч келтирип, аягында анын өз экономикасына зыян тийгизерин эскертти. Фонд Кошмо Штаттардын экономикалык өсүшү быйыл жана келерки жылы туруктуу болгону менен 2020-жылы чоң тобокелчиликке кептелиши ыктымал экенин билдирүүдө.
Вашингтон жакында сырттан келүүчү алюминий салыгын 10, болоттукун 25 пайыз кылып көтөргөн. Бул кадам анын өнөктөштөрү болгон Канаданы, Мексиканы жана Евробиримдикти нааразы кылып, алар буга жооп кайтарарын эскертишкен. ЭВФтин жетекчиси Кристин Лагард жооп иретиндеги чаралар дүйнөлүк экономикага олуттуу терс таасир этерин баса белгиледи. Ад Вашингтонду соода өнөктөштөрү менен конструктивдүү иштешүүгө чакырды.