Жамгыр жаап, сел каптоо күчөгөнүнө байланыштуу Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Бул тууралуу буйрукка 15-июнда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев кол койду.
Облустук администрациядан кабарлашкандай, Халмурзаев райондорду кыдырып, жабыркагандардын абалы менен таанышууда.
Бүгүн эртең менен катуу жааган жаандан улам Баткен облусунда 65 үйдү сел каптаган. Эң көп жабыркаган Ак-Сай айыл аймагындагы Кара-Бак айылы болду - бул жерде 45 үйдү суу каптады. Мындан сырткары кыштактардагы ички чарбалык арыктарды жана жолдорду сел жууп кетти.
Суулар негизинен айылдарды аралап өткөн каналдардан ашып жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүнүн ыкчам тобу жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы окуя болгон жерлерде иштеп жатышат. (JsA\ErN)