Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

“Казкоммерцбанк” лицензиясын кайра өткөрүп бермей болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Активдеринин көлөмү боюнча Казакстанда экинчи орунда турган “Казкоммерцбанк” лицензиясын кайра өткөрүп бермей болду. Бул “Халык банк” менен биригип жатканына байланыштуу жасалуучу пландалган юридикалык кадам экени айтылды.

“Халык банктын” башкармалыгынын төрайымы Үмүт Шаяхметованын билдиришинче, эки банкты бириктирүү иши бир нече айдан бери жүргүзүлүп келди жана активдер, кардарлардын алдындагы милдеттенмелер боюнча маселенин баарын аталган банк өзүнө алууда.

14-июнда “Казкоммерцбанктын” акционерлери кезексиз жыйынга чогулуп, “Халык банкка” өтүү чечимин кабыл алышкан.

Аталган банктын кардарлары Кыргызстанда да бар. 2002-жылы ал “Кыргызавтобанктын” акцияларынын 72,35 % сатып алган.

"Халык банкка" казак президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Кулибаева жана анын күйөөсү Тимур Кулибаев ээлик кылары айтылып жүрөт. (RK)

XS
SM
MD
LG