Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Эрдогандын атаандашынын митингине көп адам чогулду


Түркияда жекшембиде өтчү президенттик жана парламенттик шайлоо алдында президент Режеп Тайип Эрдоган менен анын атаандаштарын колдогон митингдер өтүп жатат.

Эрдогандын негизги атаандашы саналган Республикалык-элдик партиянын талапкери Мухаррем Инже бүгүн Стамбулда массалык митинг өткөрдү. Ага 5 миллионго чейин адам катышканы кабарланды. Ал Эрдогандын жүргүзгөн саясатын кескин сынга алып, "ал башкарган жылдары коррупция тамырын жайды" деп айтты.

Ага чейин Измир шаарында жүздөгөн миңден эки миллионго чейин оппозициянын тарапкерлери чогулган эле.

Ал эми Эрдогандын жана анын жактоочуларынын үгүт митингдери 22-июнда Стамбул шаарында өттү.

Эрдоган шайлоону биринчи айлампада эле утууга умтулууда.

Мухаррем Инже негизги оппозициячыл талапкер. Инжени кошкондо ага беш талапкер атаандаш болуп чыкты. Алардын бири - Элдик-демократиялык партиянын талапкери Салахиттин Демирташ шайлоого түрмөдөн катышууда.

Сурамжылоо боюнча Мухаррем Инже Эрдогандан артта, бирок экинчи айлампага чыккан оппозициячыл талапкерлер бириксе, учурдагы президентти жеңүүгө мүмкүнчүлүк пайда болору айтылууда.

Расмий Анкаранын планы боюнча июндагы мөөнөтсүз шайлоодон кийин Конституцияга былтыр апрелдеги талаштуу референдумда жактырылган өзгөртүүлөр күчүнө кирмекчи.

Ага ылайык, мындан ары Түркияда 1923-жылы республика түзүлгөндө пайда болгон саясий институт - премьер-министрдин кызматы жоюлуп, аткаруу бийлиги да президенттин колуна өтүшү керек.

XS
SM
MD
LG