Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Бишкек мэри жаңы курулган жолдордун абалын көрөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов калаадагы оңдолуп жаткан жолдорду кыдырып, курулуш иштери менен таанышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин мэрияга караштуу капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев күзгө чейин жалпы узундугу 105 чакырымды түзгөн 50дөн ашуун жол оңдолуп-түзөлөрүн билдирген. Быйыл жазында бир убакта 40тай көчө оңдоп-түзөө үчүн жабылганы, иш жай жүрүп жатканы коомчулуктун сынына кабылган.

Башкы прокуратура тарабынан автоунаа жолдорун куруу, оңдоо иштери боюнча жалпы 33 кылмыш иши козголуп, андан мамлекеттик казына 222 млн. сомго зыян тарткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG