Бишкек мэринин орун басары Эркин Исаковдун “Азаттыкка” көр сатуу фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, буга байланыштуу мэриянын коррупцияга каршы күрөш бөлүмүнө тапшырма берилди.
- Буга чейин бүт бардык айтылган маалымат, фактыларды топтоп, ушул бөлүмгө жөнөткөнбүз. Учурда териштирилип жатат. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен чечим чыгарылат. Экинчиден, архитектура жана жер ресурстарын башкаруу башкармалыгы көрүстөндү тактап, инвентаризация кылып чыгат.
Исаковдун маалыматына караганда, маркумду акыркы сапарга узатуу, сөөк коюудагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча коммуналдык турак жай чарбасына тапшырма берилди.
Жакында “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү Бишкектин түштүк-батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемаларды иликтеген. Иликтөөнүн жүрүшүндө кабырлар көзү тирүү адамдарга да алдын-ала сатылып кеткени белгилүү болгон. (КЕ)