Евробиримдиктин лидерлери химиялык курал колдонгондорго каршы алардын жаңы санкциялык режимин мүмкүн болушунча тез кабыл алууга жана бул багытта жалган маалымат өнөктүгүн жүргүзгөндөргө каршы аракеттенүү планын иштеп чыгууга үндөштү.
Бул тууралуу 29-июнда Брюсселдеги самитте кабыл алынган билдирүүсүндө айтылат.
Ал эми жалган маалымат жайылтуу өнөктүгүнө каршы аракеттенүү планын биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини быйыл декабрь айына чейин даярдашы керек.
Евробиримдик мындай кадамдарды быйыл мартта Британияда Орусиянын мурдагы тыңчысы жана анын кызы химиялык зат менен ууландырылгандан кийин жасап жатат.
Бул кол салуу үчүн Лондон Москваны айыптаган. Бирок Орусия Британиянын дооматтарын четке каккан. Буга жооп чара катары Европа Биримдигинин өлкөлөрү орус дипломаттарын чыгарууга чейин барган.
Эки күн мурда Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун (OPCW) жыйынында анын ыйгарым укугу азыркыдан кеңейтилишин 82 өлкө колдоп, 24ү каршы чыкты.
Британия киргизген сунушту АКШ, Евробиримдик колдосо, Орусия, Иран, Сирия жана алардын өнөктөштөрү каршы болду. (UE)