Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Беларуста журналист “полицияга кол көтөргөнү” үчүн жазага тартылды


Журналист Дмитрий Халко Минск шаарындагы сотто. 17-июль, 2018-жыл.
Журналист Дмитрий Халко Минск шаарындагы сотто. 17-июль, 2018-жыл.

Украинанын чыгышындагы окуяларды чагылдырган беларус журналистин Минск соту төрт жылга “эркинен ажыратты”. 17-июлда сот Дмитрий Халкону "полиция кызматкерине кол көтөргөн” деп тапты. Ал төрт жылдык жаза мөөнөтүн атайын кайтаруудагы жатаканада жашап, өндүрүштө иштеп өтөйт.

Халко Украинанын чыгышындагы чатакты чагылдырып жүрүп, 2014-жылы Орусия колдогон жикчилдердин колуна түшкөн. Журналист сот өкүмү чыккандан кийин “саясий жүйө” менен кесилип жатканын айтып, чечимге каршы арызданарын билдирди. Ал апрель айында Беларустан Украинага киргенде кармалган.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, журналист түн ичинде Минскидеги коңшуларына тынчтык бербей койгон соң полицияны чакырышкан. Халко полиция кызматкерине баш ийбей, анын чөнтөк телефонун талкалап салган. Бирок журналист мындай айыпты толук четке кагып жатат.

Халко Украинадагы жана Беларустагы бир катар эркин маалымат каражаттары менен кызматташып келген.

Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин беларус журналисти Украинага барып, жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк жана Луганск аймактарында жүргөн. Жикчилдердин колунда бир нече ай отурган.

XS
SM
MD
LG