Кыргызстанда педофилиянын курмандыгы болгон балдардын 80 пайызга жакыны кордукту өз туугандарынан көргөн.
Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жетекчиси Марат Сапаев Бишкекте өтүп жаткан талкууда билдирди.
Сапаевдин айтымында, калган 20 пайызы чоочун адамдардын зордуктоосуна кабылгандар.
Жыйында Кыргызстанда педофилдин курмандыгы болгондор арбыганы айтылып, буга байланыштуу "Өлүм жазасын киргизүү керекпи?" деген маселе талкууланып жатат.
Жыйынга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева педофилдерди азайтыш үчүн өлүм жазасын киргизүүнү колдой турганын билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Бермет Барктабасова “химиялык кастрациядан майнап чыкпайт” деген пикирин айтты. (NT)