Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Киевде маркум журналист Павел Шеремет эскерилди


2016-жылы Павел Шереметтин машинеси жардырылган жерге топтолгон журналисттин кесиптештери. 20-июль, 2018-жыл.
2016-жылы Павел Шереметтин машинеси жардырылган жерге топтолгон журналисттин кесиптештери. 20-июль, 2018-жыл.

Украинада эки жыл мурда дал ушул күнү киши колдуу болгон журналист Павел Шереметти эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Жума күнү Киевде ондогон журналисттер, укук коргоочулар жана дипломаттар Шереметтин автоунаасы жарылган жерге чогулушту.

Алардын көбү кызыл жана кара түс менен жазылган "Павел Шеремет. 20-июль 2016-жыл. Өлтүргөндөр дале табыла элек" деген плакаттарды көтөрүп турушту.

Беларуста төрөлгөн орус жараны Шеремет эки жыл мурда Киевдин борборунда автоунаасына коюлган бомба жарылганда мүрт кеткен. Ал 2014-жылы Москва Крымды Украинадан аннексиялагандан кийин Орусиянын коомдук телеканалынан кетип, Киевде иштеп калган. Шеремет Кремлдин пропагандасынан айырмаланган көз карашты көтөрүп чыккан журналисттерге чабуул жүрүп жатканын айткан болчу. Украин бийлиги журналисттин өмүрүн алган кол салууну айыптаганы менен азырынча аны уюштургандардын изи табыла элек.

XS
SM
MD
LG