Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Спортчунун бейажал өлүмү бийликке сынды күчөттү


Денис Тен каза болгон жердеги эскерүү. 20-июль 2018-жыл.
Денис Тен каза болгон жердеги эскерүү. 20-июль 2018-жыл.

Көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин Алматы шаарында чак түштө каракчылардын кол салуусуна кабылып, ажал табышы коомчулукта чоң резонанс жаратты. Казакстандыктар укук коргоо органдарынын ишин сындап жатышат.

Кылмышка шектүүнүн бири кармалды

Алматы шаарынын прокурору 20-июлда журналисттерге берген маалымат жыйынында Денис Тенге кол салган эки адамдын бири кармалганын билдирди. "Окуяга байланыштуу "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүрүп жатат" деди Алматы шаарынын прокурору Берик Жуйриктаев:

- Күбөлөрдүн жана жолдогу көзөмөл камераларынын жардамы аркылуу ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүүлөр аныкталды. Анын негизинде көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тенге кол салган шектүүлөрдүн бири кармалды. Ал 1994-жылы туулган Жамбыл облусунун тургуну Нуралы Киязов экендиги аныкталды жана тергөө изоляторуна киргизилди. Азыр экинчи кылмышка шектүүнү кармоо аракеттери көрүлүп жатат. Кылмыш иштин тергелишин башкы прокурор жана ички иштер министри өз көзөмөлүнө алган.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев да спортчунун өлүмүн дыкат жана калыс иликтөөнү башкы прокурор менен ички иштер министрине табыштаганы кабарланды.

Денис Тен каза болгон жердеги эскерүү. 20-июль 2018-жыл
Денис Тен каза болгон жердеги эскерүү. 20-июль 2018-жыл

Спортчуну эскерүү

Учурда социалдык тармактардагы спортчунун күйөрмандары Денис Тендин өлүмүнө кайгырып, көңүл айтып жатышат. Алардын арасында Эл аралык олимпиада комитети да бар.​

Бейшембинин кечинде спортчунун күйөрмандары ал кол салууга кабылган Алматы шаарындагы көчөгө келип, гүлчамбарлар коюп, шам жагып, спортчуну жоктошту. Маркумду эскерүү Астана, Чымкент, Орол жана башка шаарларда да өтүп жатат. Анын катышуучулары өлүмгө жеткирген окуяда казак өкмөтүн да айыпташууда:

- Бул бала биздин өлкөгө алтын алып келмек. Азыр шаарда майда уурулук көбөйүп кетти, ошонун кесепети тийди го.

- Бул окуянын болушу биздин өлкө үчүн, өкмөт үчүн уят. Мындайды болтурбаш керек эле.

- 40 жылдан ашык медицина тармагында эмгектенген адис катары айтарым, балага өз учурунда тийиштүү жардам берилген эмес. Көп кан жоготкону - "Тез жардам" чакыртылбаган же кандайдыр бир катачылык кеткен. Ага дароо жардам берилсе болмок. Албетте, бул менин медик катары жеке оюм.

- Бул иштин акырына чыга алышпайт. Азыркы ички иштер министри эмне кылып олтурат, коопсуздук деген кайда? Президент Назарбаев буга көңүл буруш керек. Болбосо чыгаан балдар бейажал өлүп кетип жатат.

Казакстан: улут сыймыгы уурунун колунан ажал тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:08 0:00

Дарыгер: Денис Тен ооруканага оор абалда түштү

Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген белгисиз эки адам кол салган. Бычакталган спортчу №12 шаардык ооруканага жеткирилген. Бирок ал оор абалда түшүп, көп кан жоготкондуктан дарыгерлер өмүрүн сактап кала албай калышканын айтышты.

- Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, улуттун жана өлкөнүн сыймыгы болгон Денис Тен бизге өтө оор абалда түштү. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда болчу. Тез жардам менен жеткирилди. Эки сааттан ашуун анын өмүрү үчүн күрөштүк. Аман алып калуу үчүн оорукананын, калаанын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын болгон күчү жумшалды. Жараат талылуу жерде болгондуктан өмүрүн сактап кала албадык, - дейт Алматы шаардык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Ержан Куттыкожин.

Дарыгер кошумчалагандай, кылмышкерлер Тенди санына сайышкан. Бычак негизги кан тамырлардын бирине тийген. Спортчуну жакындан тааныгандар анын өлүмүнө ишене албай турушат:

- Бул окуя бизге күтүүсүз болду, биз да интернет аркылуу гана билдик. Ал каза болду дегенге азыр да такыр ишенгибиз келбей турат. Денис жарыкчылыктагы өзгөчө бала эле.

Улут сыймыгын жоктоо жана бийликке айтылган сындар

Денис Тен 13-июлда 25 жашка толгон. Ал 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада коло медал тагынган. Андан бир жыл мурда Дүйнө чемпионатында күмүш алган.

2015-жылы "Төрт континенттин чемпионатында", VII кышкы Азия оюндарында чемпион аталган. Ванкувер олимпиадасына катышкан. 2017-жылы Алматыда өткөн Универсиадада чемпион аталган. Ал Олимпиадалык оюндарга жана дүйнө чемпионатына жеткен биринчи казакстандык фигурист болгон. Быйыл Пхенчхан олимпиадасына катышып, бирок медал алган эмес.

Спортчу акыркы кезде фильм тартууну да пландап жүргөн.

Казакстандык мыкты спортчу, улут сыймыгы Денис Тен менен коштошуу зыйнаты 21-июлда саат 10:00дө Алматы шаарындагы Балуан Шолак атындагы спорт сарайда өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG