“Сирия-Ирак согуш зонасынан кайтып, Кыргызстанда террордук акцияларды уюштурууну көздөгөн кыргыз жараны кармалды” деп билдирди 24-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК).
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргенине караганда, кармалган адам 2016-жылы эл аралык террордук уюмдун курамында болуп, Сирияда өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге жигердүү катышкан. Ал эми 2017-жылы Кыргызстанда “аскердик жихад” жүргүзүш үчүн кайтып келген.
Атайын кызматтын тергөө органдары иликтөө жүргүзүүдө.