Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Афинынын четиндеги өрт 50дөй кишинин өмүрүн кыйды


Афинынын жанындагы өрт. 23-июль, 2018-жыл.
Афинынын жанындагы өрт. 23-июль, 2018-жыл.

Грециянын баш калаасы Афинынын чыгышында токойду чалган өрттөн курман болгондордун саны элүү кишиге жетти. Бийлик шейшембиде билдиргендей, 26 адамдын сөөгү табылды. Өрттүн тутанышына 40 градус ысык жана катуу шамал себеп болгону маалымдалды.

Өрт өчүрүүчүлөр 100дөн ашуун киши жабыркаганын, алардын айрымдарынын абалы оор экенин билдиришти.

Премьер-министр Алексис Ципрас Босния менен Герцеговинага баруудан баш тартып, Афиныга кайтты. Премьер Евробиримдикке кайрылып, жардам сурады. Тилсиз жоо толугу менен Мати кыштагын жок кылды, ал эми Рафина шаарында өрт калаанын четинен борбордук бөлүгүнө чейин жетти. Түтүн Афиныга чейин жетти.

XS
SM
MD
LG